www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин калкалоосунда Ош мэрине чейин жеткен Айтмамат Кадырбаев мэр болгондо Мелис Мырзакматовдун артын казуу менен гана алек болуп калган. Орган кызматкерлери Ош мэриясынын буга чейинки иштерин текшерүүгө алышып, бир топ мыйзам бузууларды таап чыгышыптыр. Негизинен жер сатуу былыктары ачыкталчудай. Натыйжада, экс-мэр Айтмамат Кадырбаев менен Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жапарбек Ормоновдун камалары күтүлүүдө. Айтор, абалдары чатак! «Соодалашып» эле кетишпесе...
Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапар Ормоновдун «репутациясы» талкууга “жем” таштады. Башынан репутациясы шектүү, булганыч иштерге аралашкан, билими, деңгээли төмөн кадрдын карьералык секирик жасаганын коомчулук жактыра берген жок. Ош шаардык кеңешинин төрагасы, вице-мэр катары иштегени маалым. Икрам Илмияновдун арты менен телчиккен, КСДПнын штабын жетектеген, бирок, бийлик алмашканда “куйругун” кесип кеткен жайы бар. 2020-жылы парламентке “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер катары чыккан.
“Шайлоонун шайтан оюнунан” төңкөрүш оту тутанып, ал арада Жапар Ормонов Оштон таяк жеп, бети-башы канжалаганы жашыруун эмес. Толкундаган көпчүлүктүн арасынан зорго суурулуп чыгып, өмүрүн араң сактап калганы айтылат. Тилекке каршы, кечээги кылык-былыктарынан сабак албаптыр. Кайрадан саясатка, кызматка жанталашуу менен Чолпон-Ата, Бостерини башкара баштаган кербези. Бул эргулдун келгенине жергиликтүү тургундар нааразы экени каңкууланды.
Ысык-Көл районунун борбору Чолпон-Ата шаарына төрт ай мурда дайындалган мэр Жапарбек Ормонов иштин көзүн билбей жатабы же дагы башка себептери барбы айтор, келгени иштеген ишинен бир жыйынтык чыкпады. Мурда Ош шаардык кеңешинде спикер болуп иштеген. Ал жерде деле жарытылуу иш жасаганын уккан жокпуз. Бул киши кандай жол менен Чолпон-Ата шаарына мэр болуп калганы белгисиз. Анын үстүнө чолпон-аталыктар анчалык деле жактырышпай, "жашап калмак беле, акыры кетчү киши да" деген таризде мурдуларын чүйрүп отурушат экен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg