www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир убакта «калкос актиптери» орусча билген 5-6 сөздөрүн кошуп сүйлөп, балдарын «папа» дедиртип асманды карап калышкан. Сарыбай акебиз «калкос актип» болбосо да «ыстарший чабан» анан ал деле орусча билген 5-6 сөздөрүн кошуп сүйлөп, үйүнө келсе балдары «Ата» деп атышат. Уят да!! Жини келген чала мас Сарыбай «акебиз» «Папа» дебейсиң деп балдарын өкүртө сабап таштап, ушул кезге чейин сөз болуп келатат.

Деги Сарыбай «акебизди» тартуунун кереги жок. Тил комиссиясынын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиевдин айтуусунда: «1989-жылы кабыл алынган мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын талаптары 30 жыл ичинде жакшылыктуу аткарылбай келген, ошондуктан ал мыйзамдын азыр кабыл алынып жаткан жаңы редакциясына биз бир топ күчтүү беренелерди кошуп жатабыз. Мисалга, мамлекеттик кызматта иштейм дегендер мамлекеттик же расмий тилди билиш керек дегендин ордуна – мамлекеттик тил боюнча гана талап калат, мамлекеттик мекемелердеги иш кагаздар милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурларда гана башка тилде даярдалыш керек болот. Энциклопедия, сөздүк жана башка китептер санариптештирилип жатат...»

Ойлоп көрүңүзчү СССР убагында мамлекеттик тил орус тили болгон. Кыргыздар Сарыбай «акедей» болуп «папа» дебейсиң деп балдарын сабап жатса, отуз жылда эле киргиздер кыргызча шатырата сүйлөп кетмек беле?

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде орус тили боюнча позициясын түшүндүргөн. Министрлер кабинетинин жыйынында Жапаров бир катар министрликтерди мамлекеттик тилде иш жүргүзбөй жатканы үчүн сынга алган. Президенттин айтымында, аны туура эмес түшүнүп алышты.

"Туура эмес чечмелеп жатышат, айрымдар айтылган сөздү жакшылап аңдап-түшүнбөй эле ар кандай кептерди айтып киришти. Тескерисинче, өлкө боюнча орус тилин өнүктүрүүгө кадам таштадык. Быйыл өлкө боюнча 9 орус мектеби курулат, Орусия тарап куруп бермей болду.

Мен Өкмөт жыйынында эмне үчүн мамлекеттик органдар кыргызча иш кагаздарын жүргүзгүлө дедим. Билесиздер, бизде Союз тарагандан бери дасыккан орус тилчи мугалимдер, айрыкча, аймактарда бир топ эле азайып кеткен. Ошол үчүн кадрлар орус тилинен ката кетирген учурлар кездеше баштаганы байкалууда. Бир барак документте толтура ката.

Андан көрө сабаттуу кылып кыргызча эле жазгыла дагы, орусчасын артына тиркеп койгула деген ойду айттым. Айрым учурларда негизги документ кыргызча, тиркемелер орусча келет. Минтип башаламан кылбай кыргыз тилинде башкы документ, тиркемелери орус тилинде кылып, бир беткей тартипте салынышы керек. Ансыз деле кыргызча жазылган иш кагаздары орус тилине которулуп тиркелет. Ошондой эле бизде орус тили Баш мыйзамга расмий тил деп киргизилгенин жакшы билесиздер.

Ошону менен катар дагы бир жагдайды айта кетейин. Биз тиешелүү чараларды көрүп, мигранттарыбызды Мекенинде иш менен камсыз кылып бергенге аракет кылып жатабыз. Бирок бүгүнкү күндүн чындыгы ушундай, биздин сыртта жүргөн жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү Орусияда. Андыктан, Орусияда эмгектенип жаткан жарандарыбыз орус тилин жакшы билгендей болушу керек.

Тилди сапаттуу деңгээлде билүүсү иш учурунда абдан эле пайдасы тиет. Ошол үчүн былтыр биринчи иш сапарым менен Москвага барганда Владимир Владимировичтен суранып, 9 орус мектебин салып берүү боюнча макулдугун алганмын. Кудай буюрса, келе жаткан жылы бардык региондорго салына баштайт. Мектептер иштеп, региондордо орус тилинен кайрадан жеткиликтүү сабак бериле баштаса, 5-10 жылда кайра орус тили өнүгөт. Негизи КМШ өлкөлөрүндө, ЕАЭБдин ичинде орус тилсиз иш жүргүзө албайсың. Андан тышкары, орус тили БУУда колдонулган тилдердин бири.

Мындан сырткары, мектептерде англис тилин дагы мыктылап окутканга аракет көрүп жатабыз. Бирок каражат жагынан маселе жаралчудай. Себеби 3 миңге жакын мектептерге англис тилинен берген дасыккан мугалимдерди алышыбыз керек. Аларга эмгек акы төлөп беришибиз керек дегендей. Бул маселени күнгөй-тескейин караштырып жатабыз.

Кыскасын айтканда, "жумурткадан кыр издегендей" менин сөзүмдөн дагы саясат издештин кереги жок. Тескерисинче, окуучуларыбыз бир эле орус тилин эмес, бир нече башка тилдерди дагы жакшы өздөштүрүп кетсе кандай сонун болот эле. Канчалык көп тил билсе, дүйнөнү ошончолук эркин кыдырышат, билим алышат. Жаштардын дүйнө таанымы кеңейет дегендей", - деген Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости