www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кимдин-кимдин заманы, Арзыбек Буркановдун заманы

Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен ити чөп жеп, ташы жогору кулаган Арзыбек Бурканов деген бар. Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн, президенттин айланасындагы санаалуу гана кол тийгис көзүрлөрдүн ана башчысы катары, Эдил Байсалов айткандай кылы кыйшайган жок. 

Дегенибиз, президенттин тегерегиндеги Алымкадыр Бейшеналиев, Урмат Самаев, Тенгиз Бөлтүрүк, Доскул Бекмурзаев, Эркин Тентишев сыяктуу мансабына чиренген канчалар садага чабылып кетишти. Көбүнө Ташиев кылмыш ишин козгоп камап, кустурду. Бир гана Арзыбек Буркановго тиши өтпөй койду. Сыягы, Ташиев эки достун тең тилин таап, талтайып алса керек... 

Болбосо, Буркановдор боюнча эл арасында эмнелер гана айтылып жаткан жок. Атамбаевдин учурунда Икрам Илмияновдун доору жүрсө, азыр анын ордун Бурканов басты деген сөздөр арбын. Мына 2010-жылдан бери эч кимдин шаасы жетпеген Бишкектеги филармониянын артындагы Максим Бакиевдин имаратын энчилеп алды дешип таң калгандар көп. 

Жогорку Кеңештин депутаттары болсо: "Казино мыйзамын бир экс-губернатор байысын деп кабыл алган эмеспиз", - деп Арзыбек Буркановдун атын ачык айта алышпай ыйламсырап отурушат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости