www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү үйлөндү

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү, 59 жаштагы америкалык миллиардер Жефф Безос менен анын сүйүктүүсү, 53 жаштагы телеалпаруучу Лорен Санчестин нике кыйганы белгилүү болду. Бул тууралуу CNN жана башка ЖМКлар маалымдашты.

Жефф Безос сүйүктүүсүнө 2,5 миллион долларга бааланган салмагы 20 карат бриллиант нике шакегин белек кылган. Азырынча Безос менен Санчестин үлпөт тоюу тууралуу эч нерсе белгисиз.

Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири деп эсептелет. Байлыгы боюнча ал Louis Vuitton Moët, Hennessy компаниясынын президенти Бернард Арно менен Tesla жана SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Масктан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Узак убакыт бою Безос Форбстун миллиардерлер тизмесинде биринчи орунду ээлеп келген, биринчи жубайы менен ажырашкандан кийин, мүлкүнүн бир бөлүгү ага өткөндө ал тизменин сап башынан түшкөн. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости