www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапаров Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган мааракеде, "тоону корукка алабыз" деп убада кылган. Бу киши унутуп калса керек, жанында шүмүрөйгөн Каныбек Туманбаев, Эрбол Султанбаев сыяктуулар ээрчип жүрүшсө. Маселен Каныбек Туманбаевге Боз-Бөлтөк тоосунун казылып турганы жакшы башын оорутпай, шагылды каяктан табат эле? Көрүнгөн бийликке футбол тобундай тепкиленген 12 миллион долларды «чыйт» түкүрүм көргөн Каныбек Туманбаев деген эңгезердей «клоун» бар. Ал ар кимдин тапшырмасын аткарып, «иттин куйругундай шыйпалаңлап» турганды адат кылып алган. Шыйпалаңдап жүрүп «шефтеринин» көзүнүн агы менен кошо айланчу. Атамбаев, Илмиянов, Жээнбеков деген мойнунан байлап алма кожоюндары оюндан чыкса дагы Туманбаев кийинкиге секирип оюндан эч чыкпай койду. «Хамалеондукту» кудай берген экен. Канга бойолгон «байкушка» боору оорубай, бийликтен жакшы устукан алып калармын, дикилдеп чуркагандыр.
Башынан мамлекеттик кызматта иштебей эле президенттин иш башкармалыгын жетектөө өтө оорчулук жараткаы менен, акчанын кулу болуп калган Каныбек Туманбаев бир гана «акчанын» принциби менен иштей баштагандыктан өөн деле сезилген жок. Каныбек Туманбаевге карата коллектив тымызын түрдө нааразы. Маанилүү кызматты алып кетүүгө тажрыйбасы жетпегенин түшүндүрүштүн кажети жок. Улам келген бийликтин лөктөрүнө жол таап, тез эле арбап алган Каныбек Туманбаевдин сыры эмнеде? Көз боочу, же сыйкырчылык жайы бар окшойт. Көз бойомочулукту кандай жол менен баштаганын айтып берсе, элге да үйрөнүп алып жакшы болот эле...
“Ала-Арча” мамлекеттик паркына асфальт төшөлүптүр. Азганакай чакырым. “Бул ишти президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жасады” дешип, блогерлер соцтармактарга жазып чыгышты. Фейктер “жетишкендикти” айландырышып, таратып бүтө албай жатышты. Кызык. Бир эсе таң каласың. Эч кандай эрдик эмес, туура түшүнгүлө, Каныбек Туманбаев кылса, милдети да.Президенттин же өкмөт башчынын тапшырмасын аткарып аткандыр. Мамлекеттик кызматтын этикасын ойлобойбу? Бул эргул пиарщиктерине тымызын буйрук берип коюп, өзү көлөкөдөн жыргай береби? Ансыз да “короздой” болуп жүргөнүнө, ишти профессиналдуу деңгээлде алып кете албаганына коллективи нааразы экени каңкууланды.
Ишенимди актайбы, же иритеби? Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда Икрам Илмияновду этектеп, Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде Асылбек Жээнбековго жабышып, “Биримдик” партиясынан талапкер катары шайлоого аттанып, кийин заман өзгөргөндө кубулуп кеткеничи? Алардын башын аттагандай, эртең башка лидердин чачпагын көтөрүп чыгабы? Улам келген бийликтин эле эбин таба бербесе керек. Келечекте бир жеринен “илинип” калбайбы?
Каныбек Туманбаев ишин алып кете албай, коллективге ыңгайсыздык жаратканы каңкууланат. Икрам Илмияновдун шопуру катары аты чыгып, оңой келген байлыкка туйтунуп, кийин коммерсант катары көзгө көрүнгөн Каныбек Туманбаев президенттин иш башкармалыгын жетектеп отурат. 2020-жылы “Биримдик” партиясына демөөрчүлүк кылып, парламенттик шайлоого аттанган. Аягы кандай аяктаганын билесиңер... Кептин ток этерине келсек, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок Туманбаев ишин тартып кете албай, коллективге ыңгайсыздык жаратып, ыргылжың абал түзүлгөнү каңкууланды. Маанилүү кызматка билими жана деңгээли төмөн кадрды апкелүү менен артка кетүү кимге керек эле? “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун” дейт эмеспи. Анык адис, профессионалдарды кызматка качан тартабыз?
Жакында Жогорку Кеңештин депутаттары Байтиктин Бозбөлтөгүнө барып, ал жерде көчмө жыйын өткөрүп, тоонун абалы менен таанышышып, чоң иш жасашты. Эл өкүлдөрүнүн бул кадамы Байтиктин Бозбөлтөгүнүн тегерегинде жашаган 40тай айылдын тургундарынын көңүлүнө толо тургандай аракет болду. Депутаттар тоонун абалы менен таанышып, абал чындап эле өтө кооптуу экенине ынанышты. Тоонун айрым участкалары казылып кеткен. Айрым бөлүгү казылып бүтүп жатыптыр. Жайыт толугу менен жоголуу коркунучунда экенин эл өкүлдөрү өз көздөрү менен көрүп ынанышты.
Мамгеология жердин алдындагы кен биздики, жайытты билбейт экенбиз дегендей ийин куушурду. Казып жаткан компаниялар жайыт комитетине жылына 20 миң сом салык төлөйт экен. Казып жаткан трактор тоонун таманын казып бүтүп, өрлөп өйдө чыгып, тоонун белине чейин жетип калыптыр. Тегерегинин ашмалтайы чыгып бүтүптүр. Кум, шагыл казып, тоонун тамтыгын чыгарып байып жаткандар, төрт кытай компаниясы экени кеп болду. Шагыл, кум сатып, кирпич чыгарып, экологияны уруп ойношпой акчага маарып жыргап жатышыптыр. Кирпичтин баасы 11 сомдон кымбат сатылат экен.
Ал жердеги заводдордон чыккан түтүн өйдө көтөрүлүп Бишкек шаарынын үстүндө топтолоору айтылды. Бул заводдордун экологияга жана адамдардын ден-соолугуна чоң зыян алып келип жатканы сокурга дагы маалым болсо да, эч ким башым дебестен, кайдыгер мамиле кылышып, жергиликтүү элдин көкөйүнө көк таштай эле тийиптир. Натыйжада, жергиликтүү эл президентке: "Экология бузулуп, балдарыбыз оорукчан төрөлүп жатат. Чаң жуткан балдар түгүл, өзүбүз ооруп жатабыз, бир айласын таап, Бозбөлтөктү казганды токтотуп бериңиз", - деп суранышкан. Тегеректеги эл комиссия келгенин угуп, буюруса президент Садыр Жапаров Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган мааракеде, "тоону корукка алабыз" деп убада кылган Указдын чыгышына жакын калган окшойт дешип чоң үмүт артып жатышат. Чынында, Бозбөлтөк тоосу тарыхый мурас катары коргоого муктаж...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg