www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда контрабандалык жүктөрдү ташыган эки унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланып, дагы экөөнүн иши сотто каралып жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин эсебине алынган. Ал былтыр ноябрда баасы 1 миллион 248 миң сомдук элге керектелүүчү товарларды жана дары-дармектерди контрабандалык жол менен ташып баратканда кармалган.

Ал эми быйыл 19-майда Кадамжай райондук соту “КамАЗ” жүк ташуучу унаасын конфискациялаган. Аталган машина аткезчилик менен 599 миң сомдук күйүүчү май ташып баратканда токтотулганы белгиленди.

Мындан тышкары, контрабанда ишине пайдаланылгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter үлгүсүндөгү унаалар боюнча маселе Баткен облусунун сот органдарында каралып жатканы айтылды.

Атайын кызмат аткезчиликке аралашкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости