www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев акыркы окуяларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана вице-мэр Нурдан Орунтаев тууралуу пикирин Фейсбук баракчасында билдирди. 

"Калайык!

Президентибиз Камчыбек Кыдыршаевичке эмне болуп атат барып карачы деп "Батуми" кафесине жибергени коомдук пикирди баамдап турганын айгинелейт.

Эмне үчүн мэрге тапшырбады экен?

Социалдык тармакта мэрдин эки орун басарына мыйзамсыз курулуштарды тазалагыла деген тапшырмасын өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көргөм.

Орунтаевдин жасаганы толугу менен туура. Ал мурун эскертүү берген жана туура жолдо болуучу.

Өкүнгөнүм шаардык кызматкерлердин шагы сынып калды.

Мэр мырза, болушуп койсоңуз боло балдарыңызга", - деди эл өкүлү Түлөбаев.

Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров жеткен куйту неме тура. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп билмексен болгон. Айталы дегенибиз, көшөгө артында орун басарларынын колу менен чок кармаганды мыкты өздөштүрүптүр. 

Айтылуу "Сынган кылыч" романындагы Мусулманкулдай Нүзүп аталыктын башы кеткен кутумда "ишке ашып кетсе ичинде, ишке ашпай калса тышында болоюн" деген кытмыр оюндары сырттан караган адамга даана эле байкалып турат... 

Болбосо, орун басарларына "эмнеден коркосуңар, мен турам го, коркпой иштегиле" деп көкүтүп, баарын буздуруп, талкалап, бүлүндүрүп, анан коомчулукта резонанс жараткан чуу чыкса, акырын четке чыга бергени жетекчинин кылаар иши эмес. 

Мына "Батуми" кафесин бузуу ишине байланыштуу орун басары Нурдан Орунтаев айыптуу болуп, 3 миллион сом айыпка жыгылып отурат. Мэр билмексен. 

Эмне болгон күнү да Бишкек мэри кылтыйып четте карап турбай, Нурданга болушуп бир үн катчу жерде болчу. Жок, башын кумга тыккан төө куштун ыкмасын карманып, көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин болуп отурат. 

Негизи "Батуми" боюнча иш мынча болгон соң аягына чыгыш керек. Ара жолдо арабөк калтырганга болбойт. Колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү болгон мамиле жарабайт. Мыйзамды тандалма иштетип, көп эле буйлаланган төөгө айланткандын арты жакшылык алып келбейт. 

Колунда мансабы бар ар ким эле сот системасын оюндан чыгарып, түшүнүк менен мыйзамды тебелеп, тепсеп тамтыгын чыгара берсе, өлкөдө башаламандык жаралат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости