www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөлтүрүк бошонуп, аң улоого киришти. Бул Бөлтүрүк өтө сук эле сугунганда миллиарддарды ченебей сугуна турган. Кусарын кусту эми анын барын кайрадан сугунбаса экен. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844 млн 512 миң 858 сом зыян мамлекеттин казынасына өндүрүлдү. "Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн 512 мин 858 сому мамлекеттин казынасына кайтарылды", – деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Т.Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн. Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Башкы прокуратурадан кошумчалашкандай, азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган. Кызык кырдаал жаралды. Өкмөт негизинен ушунча сумманын абага кеткенине эмне дейт? Карапайым калк суукта шишип-көөп, кыйналып жашоодо. Таңгаласың да. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингди түзүүгө 3 миллард сомдон ашык каражат жумшалса, аны жоюу үчүн 700 миллион сом кетери болжонууда. Мынчалык эбегейсиз чыгымды мамлекетке ким төлөш керек? Келтирилген чыгымдын ордун толтуруу керек. Бирок кантип? Мына талуу маселе. Башында эле Теңгиз Бөлтүрүк шек жаратып, көзгө комсоо көрүнгөндө эле ири каржылык булактын башына отургузбаш керек эле. Чоң катачылык кетти. Элибиз карап турат. Олчойгон сумманын ордун толтуруу боюнча баш ооруталы. Ийин куушуруп эле кутулуп кетүү жарабас.

Тийешелүү жетекчилер буйтап кетишсе, аргасыздан Теңгиз Бөлтүрүктүн мойнуна илинет да, башка арга барбы? Мындан сырткары, эсептөө палатасынын текшерүүсү боюнча “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги арбын чыгашаларды кетирип, коррупцияга малынганынан башчысы камалып отурбайбы.

15-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Бөлтүрүктү кармаган. Мунун негизинде Тенгиз Бөлтүрүк менен Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура деталдуу текшерүүнү баштаганы маалым болду. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, мамлекетке алдын ала 1 миллиард сом зыян келтирилген. Натыйжада Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери кармалып, 2022-жылдын 10-ноябрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Тенгиз Бөлтүрүк өзү күнөөсүн мойнуна албайт. Ал бардык айыптар жалган экенин билдирди. Анын жактоочусу айыпталуучу тергөө менен кызматташууга даяр экенин айтууда.

 Балким имараттын кусуру уруп кеткендир. Жакында эле «Кумтөр» көп жылдардан бери орун-очок алып калган «Учкундан» көчүп, жаңы имраттты ээлеп калган. Көп өтпөй Бөлтүрүктүн «Кумтөрдөн» кеткени белгилүү болгон, бирок бийликке бекем мыкчып жармашып алган Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон кала берди. Ага батынып ким «найза саймак» эле керек болсо «илибойуна» муштумун түйүп койчудай. «Кимдин, кимдин заманы, түлкү, бөрү, Бөлтүрүктөрдүн заманы» болбодубу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости