www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Кувейт өлкөсүндө өткөн Asian Open эл аралык мелдешинде үч медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 90 кг салмак категориясында Анарбек Ишенбаев алтын медалга, 66 кг салмакта Эрбол Абасбеков күмүш медалга жана 100 кг жогорку салмактагылар арасында Сыймык Жапаров коло медалга ээ болду. 

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 28-29-апрель күндөрү өтүп, Кыргызстандын атынан жалпы 12 спортчу катышкан. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости