www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду "подстава" кылып, коомго "жек көрүндү" кылмай болду.

Өткөндө Жогорку Кеңештин жыйынында "электр энергиясын баасы 1 сом болот, 100 кВтч ашса 2,16 тыйындан төлөнөт" деп, жаңылып айттыбы, же атайын айттыбы, айтор элдин нааразычылык толкунун жаратты эле.

Оозунан жаңылган министр Ибраевдин каталыгын президент өзү жымсалдап, маалымат берип бийликке ызырынган элди араң ынандырган.

Тилекке каршы, көнгөн адат калбайт экен, министр Таалайбек Ибраев элдин ачуусу тарай электе, электр энергиясы инфляцияга жараша жылына көтөрүлүп туруш керектигин белгилеп, дымып бараткан отко май чачты.

Мындан улам, акыркы 2,16 сомдон төлөтүшмөй болгон тура деген шектенүү күчөп, нааразычылыктар айтыла баштады. Мындай кыянаттыкты министр бийликти элге каршы коюу үчүн атайын жасап жаткандай туюлат. Ушундай министр керекпи өзү?

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости