www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Б. Теңгизди теңири качан жалгайт?

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган. Кызык кырдаал жаралды. Өкмөт негизинен ушунча сумманын абага кеткенине эмне дейт? Карапайым калк суукта шишип-көөп, кыйналып жашоодо. Таңгаласың да. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингди түзүүгө 3 миллард сомдон ашык каражат жумшалса, аны жоюу үчүн 700 миллион сом кетери болжонууда. Мынчалык эбегейсиз чыгымды мамлекетке ким төлөш керек? Келтирилген чыгымдын ордун толтуруу керек. Бирок кантип? Мына талуу маселе. Башында эле Теңгиз Бөлтүрүк шек жаратып, көзгө комсоо көрүнгөндө эле ири каржылык булактын башына отургузбаш керек эле. Чоң катачылык кетти. Элибиз карап турат. Олчойгон сумманын ордун толтуруу боюнча баш ооруталы. Ийин куушуруп эле кутулуп кетүү жарабас.

Тийешелүү жетекчилер буйтап кетишсе, аргасыздан Теңгиз Бөлтүрүктүн мойнуна илинет да, башка арга барбы? Мындан сырткары, эсептөө палатасынын текшерүүсү боюнча “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги арбын чыгашаларды кетирип, коррупцияга малынганынан башчысы камалып отурбайбы. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-мартка чейин камакта калтырылды. 2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Жактоочу Кайсын Абакиров билдиргендей, ал чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган: «Жолугушуу азырынча белгилене элек. Менин кардарымдын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар - гипертония, жүрөк оорулары жана кан басымы. Тенгиз Бөлтүрүк үч жашы жете элек баласынын колунда. Мен аны камоонун кереги жок деп эсептейм», - деди Кайсын Абакиров.

 15-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Бөлтүрүктү кармаган. Мунун негизинде Тенгиз Бөлтүрүк менен Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура деталдуу текшерүүнү баштаганы маалым болду. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, мамлекетке алдын ала 1 миллиард сом зыян келтирилген. Натыйжада Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери кармалып, 2022-жылдын 10-ноябрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Тенгиз Бөлтүрүк өзү күнөөсүн мойнуна албайт. Ал бардык айыптар жалган экенин билдирди. Анын жактоочусу айыпталуучу тергөө менен кызматташууга даяр экенин айтууда.

 Балким имараттын кусуру уруп кеткендир. Жакында эле «Кумтөр» көп жылдардан бери орун-очок алып калган «Учкундан» көчүп, жаңы имраттты ээлеп калган. Көп өтпөй Бөлтүрүктүн «Кумтөрдөн» кеткени белгилүү болгон, бирок бийликке бекем мыкчып жармашып алган Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон кала берди. Ага батынып ким «найза саймак» эле керек болсо «илибойуна» муштумун түйүп койчудай. «Кимдин, кимдин заманы, түлкү, бөрү, Бөлтүрүктөрдүн заманы» болбодубу.

Теңгиз Бөлтүрүк 1 айда 5 үй бүлөөнүн ипотека кредити 100 миң доллардан жесе, 1 жылда 60 үй-бүлөөнүн  ипотека ала албай жүргөндөрдүн акчасын жеп жүрүп торго илинди."Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жаңы жетекчилигине Алмаз Барыктабасов дайындалган. Маалым болгондой, ал буга чейин "Кумтөрдүн" ички структураларында иштеп келген жана Барыктабасовдун эки жогорку билими бар, инженер-механик, шахтада 20 жылдан ашык иштеген. Ал оор техника гаражынын жана техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости