www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин «ОК Платформа» сайты аркылуу пирамидалык схема уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү алдамчылык жол менен 23 000 долларды ээлеп алган.

Алгач Ж.К. аттуу жаран С.И.Э.ни алдамчылыкка айыптап милицияга кайрылган. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 24-декабрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан С.Н.Э. кармалып, 25-декабрда Биринчи май райондук соту камакта калтырган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүдөн жабыркаганын айткан 28 жарандан арыз түшкөн.

Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркаган жарандар үчүн милиция менен байланыш номуру: 0550233747, 0702373770, 0773398585, 0709008887, 0312266108. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости