www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Омбудсменди алам деп обдулуп калган Бабанов жээни Жээнчороевди желпинтип жүрөт. Өзүн Египеттин фараонундай сезген Бабанов деген кылтыйма бар. Бул иштесе, президент же премьер-министр, же күчтүү фракциянын жетекчиси болуп гана иштейт. Башка иштерди кепек ордуна да көрбөй кол шилтеп койот. Бабанов Атамбаевди «абилеп» жүрүп жакшы мансаптарга жеткен. Жээнбеков экөө мышык-чычкандай аңдышып калган. Жапаровко президенттикти алдыргандан бери «мунжу болгон жөжөдөй» муңканып калган. Ал кандосу Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министри кылган, бирок ал Бабановдун айткандарын кылып жүрүп кызматынан ала-салган. Руслан Казакбаев менен бирге анын келини Алтынай Өмүрбекованы Атамбаевдин көтөрмөлөөсүндө өкмөттүн вице-премьерине чейин жеткизген, эми ЕЭКтин эмгек миграция департаменттин жетектетип чалчактатып койгон. Чалчактаганы, чалчактаган ЕЭКтин эмгек миграция департаменттин жетектеп айлыгын рубль менен солоп жатканы менен эмне иш бүтүрдү?

Орусия жүрөктү түшүрүп, мигранттардын орус тилин билбеген балдары мектептерге кабыл алынбайт деп кекетип –мокотуп атат. Орусия Федерациясынын президентине караштуу жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңешинин жетекчиси Валерий Фадеев мигранттардын орус тилин билбеген балдары орус мектептерине кабыл алынбашы керектигин айтты. Анын Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин Орусияда мигранттар үчүн адаптациялык борборлорду түзүү сунушуна карата жазган комментарийи Адам укуктары боюнча кеңештин телеграм-каналында жарыяланды.

Орусия президенти Владимир Путин менен Улуттар иши боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Бариновдун жолугушуусу учурунда мигранттар үчүн адаптациялык борбор түзүү жөнүндө сөз болгон. Путин: “Кишилер түшүнүшү керек: эгер алар Орусияга келишсе, алар биздин каада-салтты сыйлап, орус мыйзамдарын билиши жана сакташы керек”, - деп айткан.

Фадеев мигранттардын балдары тил билбей мектепке кабыл алынса, бүтүндөй класста билим аксайт деп эсептейт.

“Орусиялык балдар эле эмес, келгендер да жабыркайт. Эгер алар эч нерсе түшүнүшпөсө, кайсы билим берүү жараяны жөнүндө кеп кылса болот? Мындай балдарды бир жылдык даярдоо курстарына жөнөтүп, андан соң гана жалпы класска кабыл алуу керек”, - деди ал.

Ал Орусияда убактылуу иштеген мигранттар үчүн үй-бүлөсүн алып келүүгө негиз жоктугун, көптөрү бул жакка төрөө үчүн атайын келип жатканын кошумчалады.

Орусияда чет элдик жарандардын жүрүү мыйзамдуулугуна жана алардын миграциялык мыйзамдардын талаптарын сактоосуна көзөмөл күчөтүлдү. Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандыктарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоону жана жасалган кылмыштар үчүн жазанын сөзсүз болушун эстен чыгарбоосун өтүнөт. Элчилик мекендештерди расмий документтерди (паспорт, айдоочулук күбөлүк) жана Орусияда жүрүүгө башка уруксаттарды, анын ичинде “каттоо” деп аталган тариздөөдө ортомчулардын кызматынан пайдаланбоого чакырат.

Ошондой эле Орусиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу зарыл. 2021-жылдын 29-декабрынан кийин Орусияга иштөө максатында келгендер кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Орусия Федерациясынын Эмгек кодексине ылайык, иштөө үчүн иш берүүчү менен келишим түзүү зарыл. Өзүңүз менен кошо өзүңүздү тастыктаган документтерди, Кыргызстандын жаранынын паспорту жана Орусия Федерациясында жүрүү укугун тастыктоочу документтерди: миграциялык карта, OMS/VHI полисин алып жүрүңүз деп эскертет дипломатиялык өкүлчүлүк. Тез арада юридикалык жана консулдук жардам талап кылынган учурларда күнү-түнү иштеген ишеним телефонуна +79251155047 кайрылса болот.

 Орусиянын мигранттар Федерациясы менен ММУнун окумуштууларынын биргелешкен иликтөөсүнүн негизинде Орусиядагы орточо айлык кирешеси жердештерибиздики 47,1 миң  рубль болгон. Кыргызстандыктардын тапкан айлыктары орусиялыктардын орточо эмгек акысына чукулдап барган. Росстаттын билдирүүсү боюнча Орусиялактардын орточо айлыгы 54, 6 миң рублга барабар.
Мигранттар 64 суроодон турган анкетага жооп беришкен. Ар кайсы аймактардан 4,7 миң кишиден жооп алышкан. Суткасына 8 саат 22 пайыз гана мигранттар иштеп акча табышкан. Ал эми 27,5 пайыз мигранттар суткасына 10 саат эмгектенишсе, 10дон 12 саатка чейин 27 пайыз жердештерибиз Орусия үчүн иштеп беришсе, суткасынын тең жарымын же 12 сааттан көбүрөөк кулча майпаңдап калгандары же 27 пайыз  иштеп беришкен. Орусия мигранттар Федерациясынын жетекчисинин айтуусу боюнча 80 пайыз кыргызстандык мигранттар, мыйзамда каралган сегиз сааттык жумуш убагынан ашык иштеп беришет.
Иликтөөлөрдө караганда кыргызстандыктар негизинен орус тилин «эң жакшы» жана «жакшы» билишери аныкталды. Иликтөөлөрдүн натыйжасында 2 пайыз кыргызстандыктар «эң жаман» деген баага татыктуу болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости