www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановдор балтайып бийликтен баштарын көрсөтө баштады. Бабановдун көздөй жээни Жээнчороев Мирлан Бабанов экөө саясаттан кетишкени менен кайрадан омбудсмен болом деп жулунуп турган кези. Бул Бабанов канча жолу саясаттан кеттим деп эл унчукпаса деле добулбас кагып турат. Башынан баштайлы күрддөр жакынкы кошуналары Түркия сыяктуулардын эзелки душманы, ал эми РПК деген желмогуз партиясы аркылуу ааламга тор жайган күрддөр Кыргызстанды да Бабанов аркылуу аңдып турат. Илгери Күрд княздыгы Бабан эмираты аталган. Күрд княздыгы Бабан 1649-жылдан 1850-жылга чейин азыркы Ирак менен батыш Ирандын аймагында болгон экен. Бабан эмиратынын борбору Сулеймания шаары болгон. Бабан эмиратын азыркы күрддөр аль-Бабан атаса, түрктөр Бабанлар же Бабанзаде атайт экен. 17-19-кылымда Бабан эмираты түрктөргө каршы согушка активдүү катышып 1850-жылы таш-талканы чыгыптыр.

Эми да Түркия күрддөргө каршы аттанганы турат. Күрддөр эки-үч мамлекет ортосунда бөлүнгөн. Күрдстандын жумушчу партиясына (РПК) каршы аскердик операциянын максаты Ирактын жаңы аймактарын басып алуу эмес, деп билдирди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анын Түркия парламентинде сүйлөгөн сөзүн НТВ телеканалы көрсөттү. «Биздин операциянын максаты - Ирактын аймагын террористтерден тазалоо, ошондой эле чек арабыздын коопсуздугун кепилдөө. Түркия эч кандай аймакты талап кылбайт», - деди президент Эрдоган.

Белгилей кетсек, буга чейин түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө РПК согушкерлерине каршы жаңы аскердик операция баштаганы белгилүү болгон. Операцияга атайын күчтөр жана аба күчтөрү катышууда.Түркиянын коргоо министри Хулуси Акара ведомствонун брифингинде учактар ​​күрттөрдүн баш калкалоочу жайларына, бункерлерине, туннелдерине, үңкүрлөрүнө жана кампаларына ийгиликтүү чабуул жасаганын айтты.

 Бабан – деген кыргызда ат жок. Бабановдун чоң атасынын ысымын ким койгон. Бабан – күрд сөзү. Бул айткан сөзүнөн чыкпай, түкүрүгүн кайра жалаганына караганда кыргыздын гени азырак окшойт Күрд княздыгы Бабан эмираты аталган. Күрддөр РПК аркылуу бир гана күрддөргө, анан жээндерине гана көмөк көрсөтүшөт. Өмүрбек Бабановдун таяке-тайы күрддөр. 2005-жылга чейин Айдар Акаев, ал эми 2010-жылга чейин Максим Бакиев менен ынак болуп келген Өмүрбек Бабановдун камалбай, кылмыштары ачылбай калышына көп себептер бар. Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика” фракциясы парламентте көп жылдары оппозициялык азчылыкта турганы менен, көпчүлүк коалициянын көз карашын колдоп келген. Акыркы жолку Бабановдун иш аракеттери президенттин саясатын ачык эле колдоп, эч кандай сын пикир айтканга батынган эмес. Тескерисинче ким президент болсо туура эмес жүргүзгөн саясатын дагы кубаттап келген. 
2017-жылы башында оппозициялык топтор биригип, элдеги нааразычылык курчуп, Атамбаев Текебаев ортосундагы тиреш туу чокусуна жеткен. Карапайым элден колдоо таап, толкуган элди ээрчитип, оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө камынып жаткан Өмүрбек Текебаевге жалаа жабылып, ал камакка алынды. Ага карата жалаа уюштурган Өмүрбек Бабанов экенин башкалар биле бербесе керек. Эмесе мындай, Өмүрбек Бабанов премьер министр болуп турганда аны кызматтан Текебаев кетиргени үчүн, экөөнүн ортосундагы эски кек калган. Ыңгайын күтүп келген Өмүрбек Бабанов эл аралык аренадагы афералар менен алектенип келген Маевскийди таап, Текебаевге карата каралоо операциясын уюштурууга шарт түзүп, бийликке Текебаевди жыгып берүү жолун көрсөткөн. Ал тургай Маевский бул оюнга катышып, баш каарманды ойноп бергени үчүн Бабановдон жакшы эле “гонорар” алган. Бул кызматы үчүн Атамбаевге бир сөөмгө жакындаган.
Ошол себептен Текебаев камакка алганда КТР менен тең жарышып Бабановго таандык НТС каналы дагы маалыматтык чабуулга чогуу кирген. Кийин, Садыр Жапаров Алматы аркылуу Кыргызстанга келип баш аламандык жаратып, бийликти басып алууну көздөп жатыптыр деген коркунуч жаралганда так ушул Бабановдун телеканалы Садыр Жапаровду болушунча жамандап, башынан ылдый жугунду төккөн. Аны менен гана чектелбеген Бабанов бийлик Садыр Жапаровго каршы чогултуп даярдаган “Мекен Шейиттери” сыяктуу жарма патриот, жалданма митингчилердин чыгымын каржылап берген. Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун камалышына салымы чоң. 
“Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фондунан көп суммадагы кредит алууга ниет кылган Өмүрбек Бабанов эки жолу максаты орундалган эмес. Үчүнчү жолу Кубанычбек Кулматовго казак олигархы Машкевич  ортомчулук кылып Бабановго 17 миллион доллар алып берген. Фонддун уставы боюнча берүүлүчү кредит өндүрүшкө, айыл чарба, завод-фабрикаларга жумшоого максатталган. Өмүрбек Бабанов Машкевичтин жардамы менен фонддун принциптерин бузуу менен чоң суммадагы 4 пайыздык каражатка ээ болду. Аны Бишкек шаарынын чок ортосуна “Азия молл” деген соода борборун курган.
Аталган соода борборунун көпчүлүк акциясы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага белек катары берилгенин жакындан билгендер жар салышкан. Анын чындыгы дагы болушу мүмкүн. Атамбаев менен Бабановдун мындай жакындыгы мындан ары достугун сактап калуу боюнча тымызын келишими бар. Ал келишим – тымызын көрсөтүлгөн мураскер Өмүрбек Бабанов эле.
Башкалар жөн гана алдануу жолунда дээлигип жатканын өзү түшүнө элек. Алгач, мураскер Асылбек Жээнбеков болот деген сөздөр жана ишенимдер бар болчу. Бирок, жылаан чакпай, жылкы теппей эле Асылбек Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы аралык алыстап кеткен. Муну Акүйдөгүлөр жакшы билишет. Сооронбай Жээнбековго караганда тирикирак иниси түшүнүксүз себеп менен мураскер болбой калды. Агасынын мураскер болгонуна кубанып жүрдү. Бирок, Жээнбековдордун кланы алда качан эле Атамбаевге алданып калган. 
Сооронбай Жээнбеков жана анын бир туугандары радикалдашкан исламчыл күчтөр менен жакын экени белгилүү. Ал, Атамбаевдин жанындагы билерман топ Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов, Сапар Исаков ж.б фигураларга жакпайт. Сооронбай Жээнбековдун келишин алар эч каалашчу эмес. КСДП формалдуу түрдө гана ички командадан Сооронбай Жээнбековду алып чыгышкан, чынында ал президенттик шайлоодо өтпөйт. Бирок, Атамбаев Жээнбековдор кланы менен мамилесин сактап калууну дагы ойлонсо керек. Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековду батырак кызматтан кетирип, анын ордун алууга эки көзү төрт эле. 
Мындай оюнду байкап калган Сооронбай Жээнбеков премьер министрлик кызматына жармашып отурган. Шайлоого аттанганда мыйзамда көрсөтүлгөн кызматтан кетүү боюнча эрежени уруп ойнобой, креслону кучактап отурду. Ал, премьерлик кызматтан кетпей, эмгек өргүү алып катышууга даярданган. Эгер премьерлик кызматты тапшырып шайлоого катыша турган болсо ажолук тактыдан, өкмөт башчыдан дагы жок көчөдө калат. Эмгек өргүүсүнө чыкпай коюшу Сапар Исаковдун куйкасын куюштуруп жатат. Мындай кадамы мыйзамды одоно бузуу менен шайлоонун таза өтүүсүнө тосколдук жараткан. Шайлоо жыйынтыгы менен мамлекетте толкундоо болмок. Сыртта калган күчтөр биригип Жээнбековго кошуп КСДПны түп тамыры менен тыптыйпыл кылып салышы толук мүмкүндүгүн тарых көрсөттү. Айтор, Атамбаев Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун этегине жармашып, бир кодулап жүрүп өзү торго түшкөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости