www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдогандын алдыдагы шайлоодо негизги атаандашы Түркиянын президенттигине талапкер Кемал Кылычдароглу Анкаранын тышкы саясатын Батышка карай кайра багыттоого убада берди. Саясатчы убадасы тууралуу Германиянын Deutsche Welle (DW, чет элдик медиа агенттеринин реестрине кирген) басылмасына берген маегинде айтты.

“Түркиянын тышкы саясатын 180 градуска бурабыз”, - деген ал, Түркияга “чыныгы демократияны” алып келүүнү жана өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөргө кайра кайтууну убада кылды.

Буга чейин Кылычдароглу президенттик жарыштын алдында Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдогандан озуп кеткени белгилүү болгон. Белгиленгендей, респонденттердин 49,5 пайызы оппозициячыга добуш берүүгө даяр экенин билдиришсе, Эрдоганды респонденттердин 41,5 пайызы колдогон.

Белгилей кетсек, Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майда өтөт. Ага азыркы лидер Режеп Тайып Эрдоган да катышат. Саясатчынын шайлоодогу негизги атаандашы Кылычдароглу болору күтүлүүдө. Жеңиш үчүн 50 пайыз добушка жана дагы бир добушка ээ болуу керек, антпесе шайлоонун экинчи туру болот, ал 28-майга белгиленген.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости