www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АША 2007-жылы май айында Бакиевке өкмөт башчы болгондо капыстан таламандын тал түшүндө: «Мага кимдир бирөө уу ичирди» деп айгайлап чыкканы менен, калп нерсе калп боюнча калган. Учурунда 2010-жылы апрелден кийин Убактылуу Өкмөттө Атамбаевдин аппарат жетекчиси болгон Байсалов Атамбаевди тартып калгандай. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламентке келгенде анын кофесине уу сыяктуу бир нерсе кошуп коюшкан окшойт. Башы айланып калыптыр. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген: "Ал мамлекеттик этиканы бузду. Экинчиден, ал парламенттик башкарууну, депутаттарды шайлаган элдин добушун жокко чыгарып жатат. Анын аракеттерин мамлекеттик чыккынчылык катары караса болот. Эл өкүлдөрү вице-премьердин сүйлөгөн сөздөрүн кантип угуп отурабыз? Эл бизди шайлаганда, Байсалов келип, силерди мазактасын деп шайладыбы? Ал ким өзү? ЛГБТны колдогону ал өзүнчө тема. Ал парламентке шек келтирип, эки бийлик бутагынын ортосунда ажырым жаратып жатат", - деди депутат Атазов.
Депутат Байсаловдун кызмат ордун кароону күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Төрага Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөнүн билдирди. Ошондой эле, Байсаловдун кызмат орду бүгүн күн тартибине кирээрин баса белгиледи: "Аталган маселе кайсы бир деңгээлде чечилген. Мындан трагедия кылып, анын кадырын көтөрүштүн кереги жок", - деди Шакиев.
Тили буудай кууруп, «макалчы-жамакчыга» айланган Эдил Байсалов соңку убакта Европага байма-бай каттоочу болду. Ал оппозицияны катуу сындап, улуу –кичүү Жапаровдор үчүн күйүп, айыгышып калгандай. Бирок, «жарымы төгүн жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн» дегендей, кеп кызыды. Ал оппозицияга аябай сындап, ачуу сөздөрүн аябаптыр. Биздин жеке булактар билдиргенине караганда, ай айланбай Эдил Байсалов «Манас» орденине көрсөтүлөрү тууралуу каңкууланды. Албетте, «уккан кулакта жазык жок» дейт. Бирок ошол нукта кетип жатат окшойт.
Эки жылдан бери Конституциялык реформага ылайык, президенттик башкаруу системасы иштеп жатат. Баарына президент жоопкер. Ошол эле кезде кыбыр эткен баардык маселе президенттин чечимине көз каранды. Президенттин макулдугусуз иш жүрбөйт. Мына ушул маселени Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарына көзгө сайып көрсөттү.
Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Эдил Байсаловдун депутаттарга карата, "силер эч ким эмессиңер, эч нерсе чечпейсиңер, биздин ишке президент гана баасын берет, элдин атынан сүйлөбөй эле койгула, элдин атынан президент сүйлөйт" деген өңүттө ачуу сын айтып, акаарат келтирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун социалдык комитеттин жыйынында сүйлөгөн сөзү көз жаздымда калбайт. Мындай пикирин 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирген. Анын айтымында, Байсалов тууралуу өкмөттүн төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу талаптарды коюп, эскертүүлөрдү берген.
"Эгерде дагы ушундай көрүнүш кайталана турган болсо, тагыраак айтканда, вице-премьер мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосуна чоң жарака кетирип, ойлонулбаган, жоопкерчиликсиз сөздөрдү сүйлөсө сөзсүз тартип жоопкерчилигине тартылыш керек", - деди төрага.
Ошондой эле, ал бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров менен да сүйлөшөөрүн белгилеп өттү: "Урматтуу депутаттар, эч качан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары же болбосо кабминдин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин дарегине, аброюна шек келтирүүгө укугу жок. Ага жол бербейбиз. Экинчиден, ар ким өз ишин татыктуу аткаруу керек. Жогорку Кеңеш өкмөткө талаптарды коюп, анын аткарылышын сураганга толук Конституциялык укугу бар жана анын негизинде иш алып барабыз. Бир вице-премьердин өйдө-ылдый, ойлонулбаган сөздөрү үчүн жалпы коомчулукта башкача түшүнүк болбошу керек", - деди Шакиев.
Ал бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү же жарака жакшылыкка алып барбайт деп баса белгиледи. Андан сырткары Эдил Байсаловдун кызмат орду боюнча маселени караганга убакыт келгенин билдирди. Ырасында, президенттик башкаруу ушундай болот. Байсалов президент дайындаган Кабмин мүчөсү катары, бир гана президенттин алдында жоопкерчиликтүү. Жогорку Кеңеш буга таасир эте албайт. Алар болгону президенттин нотариалдык конторасынын гана милдетин аткарып калышканы качан? Ага миң жолу чычалашкан менен эч нерсе өзгөрбөйт. Депутаттар өздөрү ошондой башкаруу системасын колдогон. Эми түштөн кийин министрлер тоготпой жатышат дешип көз жаштарын көлдөтүп муңканышса да, ай талаада калган ач карышкырдай улушса да колдорунан эч нерсе келбейт.
Мына ушул ачуу чындыкты Эдил Байсалов ачык беттерине ташка тамга баскандай ачык айтты. Эми бүгүлүп, жүгүнүп кошомат кыла беришсин. Башка сөз болушу мүмкүн эмес. Эгер, ар-намыстан куржалак калган эмеспиз дешсе, эрктери жетсе, аткаруу бийлигине болгон нааразычылыктарын коркпой президент Садыр Жапаровго айтышсын. Ошондо адилеттик болот. Себеби, "өлкөдөгү жакшы-жаман баарына өзүм керт башым менен жооп берем" деген. Башкы мыйзам боюнча да ошондой.
Анан президентке өлкөдөгү кемчиликтерди ооз ачып айта алышпай эле, калп эле элге шоу көрсөтүп, упай алуу максатында "чабактарга" асылып, аңкылдай беришкенинен майнап чыкмак беле?..
Министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакында кызматтан алынышы мүмкүн болуп турат. Себеби, «Кылым кыйшайбайт» деген Байсаловдун башына кара булут кѳптѳн бери айланып жатат. Тѳбѳсүнѳ чагылган түшѳ турган учур жакындап калды.
Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаттары Байсаловду ар дайым сынга алып, кызматтан кетирүү маселесин кабыргасынан коё башташты. Маселен, буга чейин “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун кызматтан алынышын колдогон.
Мына эми дагы Жогорку Кеңештин “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Шайлообек Атазов Эдил Байсаловдун кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени кароону демилгеледи.
Фракция лидери Бакыт Сыдыков жыйынга Эдил Байсалов келбей койгонун айтып, «Биз чара көрөбүз», - деп белгиледи. Айтмакчы, эми чындап Байсаловдун «үзѳңгүдѳн буту тайып, ээрден кѳчүгү кылтайып», кызматтан алынса, аны «Олуя» атагандардын абалы кантээр экен? Деми сууп, жооруган тилине убал болот го...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg