www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт күн бою Атлантика океанында чөгүп кеткен кемени издөө иштери оң жыйынтык берген жок. Анын калдыктары табылып, экипаж мүчөлөрү каза тапканы кабарланды

"1912-жылы чөккөн "Титаник" төрт километрдей тереңдикте жатат. Анын калдыктары океандын түбүндө өтө көп. Алардын арасынан туристтик кемени табуу абдан кыйын. Бул чөптүн арасынан ийне издеп жаткандай”, - деген деңиз геологу Жеффри Карсон.

Чөгүп кеткен кемеде беш адам болгон. Бул британиялык миллиардер, учактарды сатуу жана эксплуатациялоо боюнча Action Aviation компаниясынын жетекчиси Хамиш Хардинг. Ал белгилүү экстремал. Бир жыл мурун космоско учуп, 2021-жылы 11 миң тереңдиктеги Мариана чуңкуруна чумкуган.

Аны менен бирге аталган кемеде Пакистандагы эң бай адамдардын бири - 48 жаштагы Шахзада Дауд жана анын 19 жаштагы уулу Сулейман болгон. Пакистандык миллиардер жер семирткичтерди жана тамак-аш азыктарын чыгарган корпорацияны жана британиялык Prince's Trust кайрымдуулук уюмун жетектейт.

Алардан сырткары, аталган туристтик кеме таандык OceanGate компаниясынын башкы директору 61 жаштагы Стоктон Раш болгон жана ал батискафты өзү башкарган.

Кеменин бортунда 77 жаштагы француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наржоле да болгон. Ал гиддин ролун аткарган.

Аталган туристтик кеме 19-июнь күнү суу астына киргенден көп өтпөй байланышка чыгууну токтоткон.

Жеке экскурсиялар үчүн "Титан" аттуу чакан суу астындагы кайык колдонулат. Ал беш кишиге ылайыкталган: капитан, окумуштуу-гид жана үч туристти батырат. "Титаниктин" кыйраган жерине жеткен туристтик кемедеги жүргүнчүлөр чөгүп кеткен лайнерди кыдырып чыгышат. Сууга түшүүнүн өзү болжол менен сегиз саатка созулуп, турдун баасы 250 миң долларга чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости