www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

OceanGate Expeditions компаниясы Атлантика океанында дайынсыз жоголгон "Титан" суу астындагы кеменин экипаж мүчөлөрү каза болгонун моюнга алган билдирүү таратты. Ал издөөгө катышкандарга ыраазычылыгын билдирди.

"Азыр биздин башкы директорубуз Стоктон Раш, Пол-Анри Наржолет, Хамиш Хардин, Шахзада Давуд жана анын уулу Сулейман кайгылуу түрдө каза болду деп эсептейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Компания бул адамдар дүйнөлүк океандарды изилдөөгө жана коргоого болгон терең ышкысын бөлүшкөн чыныгы изилдөөчүлөр экенин белгиледи.

"Биздин жүрөгүбүз каргашалуу учурда ушул беш адам жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, - деди Оушенгейт.

22-июнда түштөн кийин деңиздин тереңинде жүргөн кемедеги кычкылтек түгөнгөн. Кийинчерээк Түндүк Атлантикадагы дайынсыз жоголгон "Титанды" издөө аймагында белгисиз калдыктар табылган. Адистердин айтымында, "Титандын" эки бөлүгү болгон.

 Аталган туристтик кеме 19-июнь күнү суу астына киргенден көп өтпөй байланышка чыгууну токтоткон.

Суу астындагы кеменин бортунда британиялык миллиардер Хамиш Хардинг, Пакистандын эң бай адамдарынын бири - 48 жаштагы Шахзода Дауд жана анын уулу - 19 жаштагы Сулейман, аталган кеме таандык OceanGate компаниясынын башкы директору 61 жаштагы Стоктон Раш, жана 77 жаштагы француз изилдөөчүсү Пол-Анри Наржоле болгон.

Жеке экскурсиялар үчүн "Титан" аттуу чакан суу астындагы кайык колдонулат. Ал беш кишиге ылайыкталган: капитан, окумуштуу-гид жана үч туристти батырат. "Титаниктин" кыйраган жерине жеткен туристтик кемедеги жүргүнчүлөр чөгүп кеткен лайнерди кыдырып чыгышат. Сууга түшүүнүн өзү болжол менен сегиз саатка созулуп, турдун баасы 250 миң долларга чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости