www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Байсалов педофилдерди коргойт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү камтыган Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси боюнча Twitter баракчасына комментарий берди. Анын айтымында, өлүм жазасынан баш тартуу - бул жалпы элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. «Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо. Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден жигердүү коргойт», - деп баса белгиледи чиновник. Конституциялык сот Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча «Элдик» депутаттык тобунун сунушун кароого кабыл алганы белгилүү болгон. 61 адамдан турган депутаттар тобу педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү сунуштоодо. Бирок Кыргызстанда өлүм жазасына Баш мыйзам тарабынан тыюу салынган. 

Өткөн чакырылыштагы парламент кекиртегин чертип отуруп керектүү мыйзамдар кабыл алынбай калган. «Кирген буурадай жулунган» депутат Улан Бакасов педофилдерди химиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү демилгеси боюнча оюн айтып жатып түз эле айтты. Бакасов педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү колдойт. Бирок ал үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек болот. Андан тышкары өлүм жазасы боюнча Кыргызстандын башка эл аралык уюмдар алдында милдеттенмелери бар болууда.

 Буга чейин да Кыргызстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу жазасын киргизүү аракеттери болгон. 2013-жылы ал демилгени президент Алмазбек Атамбаев артка кайтарган. Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Мыйзамына кол койгон. Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган. Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.

2013-жылы ал кездеги бешинчи чакырылыштагы депутаттар Ыргал Кадыралиеванын демилгеси менен педофилдерди химиялык бычуу боюнча мыйзамды кабыл алышып, бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койбой, андан бери балдарды зордуктоонун саны өсүп бара жатат. 2014-жылы педофилдерди өлүм жазасына буюруу каралган. Ыргал Кадыралиева жетектеген ЖКнын социалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттар жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасагандарды өлүм жазасына буюруу жана өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунушту өкмөткө жолдогон. 2014-жылы КРде балдарга зомбулук 52 ирет кайталанса, анын ичинен жетиси сексуалдык зордук зомбулук болгон.

Мындай фактылардын ичинен өтө кечиримсиз, өлүм алдында калган учурлары гана коомчулукка чыгып жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш болгон. Өкмөт бул жаатта иш-чараларды алып барып жатканы менен коомчулукта бул көрүнүштөрдүн азайбай жатканы ал кездеги президент Атамбаевди тынчсыздандарган эмес.

Комитет ошол жыйында 2 жашар балага жасалган зомбулук боюнча үрөй учурган окуяга тиешелүү министрликтердин маалыматын уккан. Депутаттар балдарга жасалган зомбулук тууралуу Комитеттин отурумунда өкмөткө балдарга болгон зомбулуктарды азайтуу боюнча атайын программа түзүүгө жана жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасаган учурда өлүм жазасын киргизүү же өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунуш беришкен.

Комитет мындан сырткары ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, жарандарга, айрыкча эркектерге балага тийбөө тилектештигин кармоо боюнча чечимдер-сунуштар айтылган.

Кичинекейлерге ыдык көрсөтүү, зомбулук кылуу боюнча акыркы үрөй учурган фактысы коомчулукту, бийликти кыймылга келтирген. Педофилдерди химиялык бычуу мыйзамына кол койбой койгон Президент Атамбаев өкмөткө мындай окуялардын алдын алуу боюнча тез арада координацияланган чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берип, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев бул багытта жасай турган иштерди белгилөөнү айткан.

2019-жылы педофилдерге кылмыш чарасы жеңилдетилген. Бул кыргыз коомчулугунда чуу жаратып, ал тургай Жогорку Кеңештин кароосунан каршылыксыз өтүп кеткени депутаттардын ишмердүүлүгүнүн беделин болуп көрбөгөндөй түшүргөн окуялардын бири болуп калган. 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодексте балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө карата жаза жумшарган. Эски кодекстеги 129-берене. Зордуктоо жашы жете электерге карата жасалганда кылмышкер 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Жаңы кодексте бул 161-берене болуп кеткен. Зордуктоо үчүн жаза 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин жумшартылган. Мында 5-7 жыл кыскарган.

Эски кодекстеги 129-берене. Жашы жете элек адамга карата жасалганда 20 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.Жаңы кодексте 12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, же болбосо өмүр бою эркинен ажыратууга жазаланат деп ырайым кылынган. Мында 7 жыл төрт ай кыскарган.

Жаш балдарга зомбулук көрсөтүү боюнча Кыргызстанда абал кандай? Кыргызстанда балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда бир добуштан кабыл алынды.бул добушту жактап турган Мирлан Маматалиевдин айтымында, Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Статистиканы карасак, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш жасалса, анын 500гө жакыны, тилекке каршы, ушундай кылмыштар (293ү жыныстык эркиндикке каршы, 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы) болгон экен. Мыйзамды өзгөртүп жаткан себеби – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен. Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт, ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот. Эреже боюнча, мыйзам күчүнө кирүүсү үчүн ал комитеттерден кийин жалпы парламентте да каралып, президенттин колу коюлушу керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости