www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда президенттик шайлоонун алдында бир күндүк жымжырттык жарыяланды. Эртең республиканын жаңы лидерине добуш берүү болорун МИР 24 телеканалы билдирди.

Бюллетенде үч ысым болот. Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы катары Кемаль Кылычдароглу саналууда. Сурамжылоолор боюнча түрк шайлоочуларынын добуштары эки талапкердин ортосунда дээрлик бирдей болууда. Ошондуктан шайлоонун экинчи туру өткөрүлүшү толук ыктымал.

Айрым саясий серепчилер азыркы президенттин мандат үчүн күрөштө утулуп калууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет. Эрдоган өзү түрк маалымат каражаттарына берген маегинде шайлоодо утулса, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости