www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө (тышкы жана ички) рекорддук 33 млрд 606 млн сом бөлүндү.Ведомствонун маалыматына караганда, төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 22 млрд 113 млн сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 млрд 493 млн сомду түздү. Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Бир-аз болсо да элди ойлогондор бар. Мунун барын көтөргөн мен деп министр Бакетаев төшүн кагып өзүн даңктайт. 2022-жылдын 1-апрелинен тарта 309 миң социалдык кызматкердин эмгек акысы жогорулатылган. Буга быйылкы жылдын бюджетинен саламаттык сактоо секторуна 5,5 миллиард сом, билим берүү секторуна – 18,5 млрд. сом, социалдык коргоо секторуна 384,4 млн. сом кошумча каражат бөлүү талап кылынат. 2022-жылдын 1-июнунан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык жөлөк пулдардын көлөмүн көтөрүү пландаштырылууда.
Кыргызстан чакан мамлекет, коңшуларыбыз Кытай, Индияга окшоп миллиардаган калкты багып жаткан жок. Отуз жылдан бери мамлекет башчылары сырттан акча ташып отуруп, 5 млрд долларга чукул карыздарыбыз бар. Жапаров бийликке келген соң түрмөлөрдү толтуруп кереги эмне, акчасын алыш керек деген. Бул идеяга «Кумтөр» маселесин козгоп өзү булганыч болсо да дагы бирөө кошулган. Бирок негедир доллар менен очойто сугунгандар, мамлекетке сом менен кусумуш болуп жатат. Ортодо пайданы кимдер көрүп жатат? Бакетаев финансы министри болор менен ишин чет мамлекеттен карыз алуу менен баштады. Араб экономикалык кызматташтыгынын Кувейт фонду 28,9 миллион доллар насыя бере турган болду. Кыргызстан министр Бакетаевдин демилгеси менен жаңы насыя алды – дээрлик 30 миллион доллар. Бөлүнгөн каражатты Корумду–Балбай участкасындагы 80,5 чакырымга жакын Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоого жумшоо пландаштырылууда.
2013-жылы премьер Жантөрө Сатыбалдиев баш болуп, Сапар Исаков төш болуп Кытайдан 387 млн доллар алганбыз. Жүрүп отуруп Атамбаевдин тушунда Кытайга эле 1,7 млрд карыз болдук. Миллиардаган сом мамлекеттик казынага төлөгөндөргө бут тоспосок, мамлекет тышкы карыздардан кутулат. Биз иш жүзүндө акча төлөгөндөрдү камап коюп жатабыз. Шүгүр, аяк-быягын карап бошотуп жатканыбызга. 2020-жылдын күзүндө өкмөт башына келген мезгилде экономикалык санкцияларды кийирип Садыр Жапаров туура пикирлерди айткан. Ал Акаевчил, Атамбаевчил болуп бөлүнбөйлү, мамлекетке экономикалык пайда алып келе тургандарды камап түрмөлөрдү толтуруп кереги эмне, андан көрө алар мамлекетибиздин казынасын толуктасын, биздин мамлекет тышка болгон карыздардан кутулалы деген.
Учурда карыздардан кутулуу боюнча иштер туура жолдо жүрүп баратат. 2022-жылы Кыргызстан 5 миллиард 457,8 миллион сом карызынан кутулду. Төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 049,4 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408,4 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган. Мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 954,11 миллион долларга же биздин улуттук валюта менен эсептешкенде 420 миллиард 108,67 миллион сомго жеткен. Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221,61 миллион доллары (357 миллиард 992,44 миллион сом) тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732,5 миллион доллары (62 миллиард 116,23 миллион сом) ички карыз. Мындан сырткары, өлкө бюджетине мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520,03 миллион сом түшкөнү белгиленди.
2023-жылдан баштап тышкы карыздарды төлөө көбөйөт
Бирок, тышкы карыздардан кутулуунун жолу боюнча аз маалыматтар болууда. Эки жылдан кийин Кыргызстан үчүн тышкы карызды төлөөнүн эң оор учуру башталат. Былтыр ички жана тышкы карызды төлөөгө 400 миллион доллардын тегерегинде каражат жумшасак, 2027-жылы тышкы гана карызга ушунча акча керек болот. Кыргызстан 2023-2031-жылдар аралыгында мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн көбүрөөк төлөп, 2027-жылы эң көп акча төлөнчү жыл. Бул жылдары бюджет кайсы каражат булактары менен толтурулат, казына бөксөрсө башка социалдык төлөмдөр кармалбайбы, пенсия, жөлөк пулдарды төлөө кыйындабайбы?
Кыргызстандын эң ири кредитору — Кытай. Карызыбыздын 45 пайызын дал ушул коңшудан алганбыз. Тагыраак айтканда, 3,8 миллиард доллар бересе болсок, анын 1,7 миллиарды — Кытайдын акчасы. Эл ичинде "Кытай алдында карызыбыздан кутула албасак, жерлерибизди алдырып ийишибиз мүмкүн же Кытай аскер базасын орнотушу ыктымал" деген пикир бар.
Учурда Кыргызстан карыздан мөөнөтүнөн кечиктирбей кутулуп жатат. Мындай шартта эч ким жерибизди ала албайт. Кытайдын насыя берген Экспорттук-импорттук банкынан жыл сайын адистер келет. Алар карыздан кутулууга толук мүмкүнчүлүгүңөр бар деп айтканы бир жагынан кубантат.
Эксперттердин айтымында карызды төлөй албай калабыз же ички керектөөлөргө акча жетпейт деп чочулоого негиз жок. 2027-жылы төгүлө турган 400 миллион доллар акча деле чоң сумма эмес, азыр деле биз тышкы карызга мунун тең жарымын төлөп келе жатабыз. Биз 400 миллион төлөчү учурга чейин төрт жыл бар. Ага чейин экономикабыз алда канча өсүп калат деген божомолдор айтылууда. Анткени төрт жыл мурдагы абалыбызды көрсөңөр, азыркы менен салыштырып болбойт. Андыктан карызды төлөөгө келгенде бюджеттик секторлорго акча калбай калат деген түшүнүк болбошу керек дешет эксперттер.
Мындан тышкары, ал мамлекеттик карызы ички дүң продукциясынын (ИДП) 250 пайызын түзгөн Япония ички карызынан кутулуу үчүн баалуу кагаздарды чыгарганын кошумчалады. Ошол эле учурда кайра Күн чыгыш өлкөсүнүн ички карызы жалпы бересесинин 99 пайызын түзөрүн эске салды. Ал эми биздин ички карыз 16 гана пайызды түзөт же 722 миллион доллар. Андыктан бул көрсөткүчтөрдү салыштырып болбойт.
"Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, элдин алдын ала тынчсызданып жатканы туура. Анткени ар кандай жагдайларга даяр болуп, бир нече сценарий түзүп коюшубуз керек. Бирок азыр анчалык кооптончу абал эмес. Дүйнөлүк банктын кызматкерлери мамлекеттик карыз ИДПнын 60-70 пайызынан ашпашы керек деп эсептейт. Бирок бул туруктуу өнүгүү жолундагы өлкөлөргө карата айтылган. А биз жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкө экенибизге карабай, карызыбыз ИДПнын 65 гана пайызын түзөт.
Азыркыдан эки эсе көп төлөп калчу учурдан көйгөйсүз өтүү үчүн атайын программа иштеп чыгуу керек. Биринчиден, бюджеттин дефицитин жоюп, ал тургай профицитке жеткиришибиз керек. 2007-жылы Бакиевдин заманында мамлекеттик бюджетти түзгөн учурда гана Кыргызстан профициттүү бюджетти түзө алган. Экономикабыз өсөт, бирок ага жараша толгон-токой талаптарыбыз бар. Мисалы, кура турган жолдор, курууга, ремонтко муктаж болуп жаткан ГЭСтер, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык объктилер. Керек болсо бул талаптарыбызга өзүбүз тапкандан дагы көп акча керек. Демек биз карызды төлөө үчүн экономиканын өсүшүнөн түшкөн акчаны төлөйбүз деген туура эмес прогноз, керек болсо элди алдагандык.
Карызды кыскартуулар боюнча Германиянын KfW банкы менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда кыргыз тарап карызын конверсиялоого жетишкен. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 14,9 миллион еврону (жалпы карыз 76,3 миллион) кыскартып беришти. Башкача айтканда, ошол каражатты өз бюджетибизден таап, алардын атынан Мамлекеттик ипотекалык компанияга салабыз. Демек каражат өлкөнүн ичинде калган. Өкмөт бул каражатты МИКке үч жыл ичинде ар жылы 5 миллион доллардан салууну пландаган. Албетте, бул жакшы кабар. Бирок биз KfW банкынан тышкары 20дан ашык эл аралык уюмдардан алганыбызды кайтарып беришибиз керек. Болгондо дагы максималдык төлөмдөр жакынкы жылдарга туура келет.
Кыргызстандын тышкы карызы Атамбаевдин убагында кескин көбөйүп кеткендиги, ал эми азыр төлөө убактысы келгенде кыйынчылык туулуп жатканы – бул факт. Өзгөчө Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алынган кредиттердин шарттары боюнча талаш жаралчу болсо, чечүү маселеси арбитраждык жактан кандай каралары чындыгында өтө кооптуу. Кыргызстанга зыяны тийе турган потенциалда кол коюлганы талашсыз.
Мындай болгону менен жыйырманчы жылдан бери келе жаткан экономикабыздын абалын эске алып, ага так, сергек баа берип, менимче, сүйлөшүүлөр аркылуу экономикалык иш-аракеттер менен ал карыздарды төлөөгө аракет кылышыбыз керек. Азыр бизде жетекчилик тараптан да, эл тараптан да «төлөй албай калабызбы?» деген сыяктуу коркуу, дүрбөлөңгө түшүү туура эмес. Конструктивдүү эмес. Четтен күнөөлүүлөрдү издеп, коркунучтарды издеп тургандан көрө, реалдуу, алгылыктуу маселе чечүүнүн жолдорун издешибиз шарт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg