www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Каныбек Иманалиевдин эки баласы тең чет өлкөдө окушат. Кызы Кунайым Иманалиева Англиядагы Эксетер университетине тапшырган. Маалыматтар боюнча окуу жайдын акысы жылына 15 миң долларды түзөт. Ал эми уулу Элимбек Каныбек уулу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Учурда ал Женева дипломаттык жана эл аралык мамилелер мектебинде окуйт. Аталган окуу жайдын бир жылдык төлөмү 8 миң доллардын тегерегинде. Айта кетчү нерсе, министрдин милдетин аткаруучунун киреше булагы болуп анын айлыгы гана эсептелет. Ал өзү декларацияда ушундай көрсөткөн.

Албетте, өз балдарын жоокер кылып узатышкан атка минерлер да бар. Мисалга алсак депутат Искендер Матраимовдун, экспрезидент Алмазбек Атамбаевдин, УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиевдин балдары кадимкидей эле кызмат өтөгөн. Бирок алар саналуу гана, көпчүлүк “чиништер” балдарын генерал кылууга умтулушат. Генералдар көп эле Кыргызстанда Тажикстанда жаңжаал чыгып кетсе, генералдар дымып калды. Дүйнөдөгү концепция боюнча “маршал” наамын аскеринин саны боюнча гана алышат. Ошондуктан, Кыргызстанга маршал наамын алууга мүмкүнчүлүк жок. Болбосо, кыргыздарды “маршал” наамын алуууга укук берип койсо, жүздөгөн “маршал” пайда болмок.

Ал эмес Орусияда “Генералдын баласы маршал боло алабы?” –деп мындай жооп беришет: “Эгер маршалдын баласы жок болсо” деп. Бул маршалдын баласы гана маршал боло алат деген кеп эмеспи, тамаша болсо дагы. Ал эми бизде аскерибиз чакан болуп гана маршал жок, ал эми генералдар саман. Элдин көпчүлүгү айлык аз кыйналып жашап жатканда чакан Кыргызстанда жүздөгөн генералдар бул чин үчүн эле акчаны чапчып жатат. Акча үчүн генералдар өтө көбөйүп кетти. Акыркы учурда “прапор”,”летуха”, “старлей” деген аскер наамы бар адамдар азайды. Бары эле полковник, генерал болуп кеткен. Коргоо министрлигинин башкы штабында азыр канча генерал, полковник бар? Милицияда деле катардагы кызматкерди көрүү мүмкүн эмес, бары эле генерал. Аскердик чин көтөрүлгөн сайын айлык да көбөйүшү керек. Ошону камсыздай алабызбы? -деген маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында аскер кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө байланыштуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда коюлду. Депутаттар аскердик жогорку чиндерди ыйгаруунун жол-жобосун сынга алды.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда генералдардын саны 150дөн ашат. Полковник наамы канча адамга берилгени белгисиз. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 16 жарым миңдей аскер кызматкери бар. Ушунча генералдардын ичинен бир гана Шерниязов Болот–2010-жылы милициянын генерал-лейтенанты наамынан баш тарткан. Кенелер малдын канына талгак болушса, «Генерал» кимдин канына талгак? Албетте, мамлекеттик казынанын...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости