www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Москва районунда акча опузалаган салык кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, улук инспектор У.П.А. жана башкы инспектор С.А.Б. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо, киреше булагын жашыруу жана мүлк салыгы боюнча карыз жоктугун тастыктаган маалым кат берүү үчүн А.Д.А. аттуу жарандан 100 миң сом талап кылышкан.

Салык кызматкерлери 20-апрелде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө ишчаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости