www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков болгондон бери иш кыйшыгынан чыга баштады. Мурунку убакта  Бажы кызматында эч бир күмөндүү иштер болбой эле, башкалар менен иши жок өз алдынча иштеп жаткан. Самат Исабековдун келиши менен өзүнө-өзү пиар жасагысы келип жаткан ар ким менен тиреше баштады. Мамлекеттик бажы кызматы детонаторлордун Орусияга реэкспорттолушу тууралуу маалымат чыккан. Муну да жөн эле киши жазбай, нечен жылдардан бери казак оппозициясынын башында келаткан Мухтар Аблязов жазып жатат. Мухтар Аблязовго эмне шам кыргыздын Бажы кызматы менен эмне иши бар эле, эгер чындык чыркырап турбаса. Буга жооп кылып Бажы кызматы жазып жатат:

"Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы “Мухтар Аблязов Кыргызстандын биринчи адамдарына карата жеке санкцияларды киргизүүгө чакырды” деген аталыштагы макаласы боюнча Мухтар Аблязовдун Орусия Федерациясына детонаторлорду реэкспорттоо тууралуу берген маалыматы чындыкка дал келбейт деп билдирет. МБКнын маалымат базасына ылайык аталган детонаторлор КР тоо-кен иштетүүчү компаниялардын атына өндүрүштүк максаттар үчүн ташып киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, бажы кызматынын оюнча  РФга санкциялардан айланып өтүүгө жардам берип жаткандыгы тууралуу маалымат жалган жана провокациялык болуп саналат. Бажы кызматы өзүнүн ишмердигинде КР Конституциясын, КР мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, КР катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

ЕАЭБ бажы кодексине ылайык, реэкспорт бажы жол-жобосу ЕАЭБдин аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгууну түшүндүрөт жана макалада көрсөтүлгөн товарларга карата колдонууга мүмкүн эмес. Жогоруда берилгендердин негизинде, Мамлекеттик бажы кызматы Мухтар Аблязовду коомчулукту жалган, далилдери жок маалымат менен жаңылтпоого чакырат.

Бизде 2005-жылы 24-мартта бийлик алмашканда Мухтар Аблязов 30 млн доллар жардам берген. Кийин 2010-жылы бийлик алмашканда да оппозицияны каржылаган, бирок канча бергенин бир Атамбаев билбесе, ким билет. Казакстан 2022-жылдын январындагы ызы-чуудан кийин Назарбаевди алка –жакадан алып жоготту. Жылдын этегинде же 2022-жылдын 20-ноябрында Касымжомарт Токаевди 70 пайыз элдин катышуусу менен 81 пайыз добуш менен кезексиз жети жылга президенттикке шайлап беришкен. Эми президентти шайлагандан көп убак өтпөй Батыш колдогон Мухтар Аблязов президенттин ордун алам деп, митинг уюштура баштаган. Мухтар Аблязов казак бийлигин кетирүү тууралуу элине жар салып, 17-мартка митингге чакырган. Ал өз сөзүндө тез аранын ичинде казак президентин тактан кулатып, жаштарды бийликке алып келүү керектигин айттыБирок анысы ишке ашкан жок.

2022-жылдын мартында Тони Блинкен деген Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы келип Токаевге көп канааттанбай кетти. Себеби, Орусия менен чектеш Казакстандын беш облусуна орустар сук көздөрүн кадай баштаган. Аларга Орусиянын паспортторун таратып, бирок жогору жакта көп сөз боло элек болчу. Казактар артында НАТО турган Украинадай мамлекет беле, орустар аскерин кийирсе бир жумада басып алат. Украинага окшоп ядролук куралдарын Орусияга берип койгон. Бирок,орустар аскерин казактарга азырынча бурбайт. Себеби, Токаев Орусия менен кетебиз деп Кошмо Штаттарга моюн толгоп турат. Ошол үчүн Батыш 2022-жылдын январында Токаевге сес көрсөттү, эми  Мухтар Аблязовду колдоп Казакстанда бийлик алмаштырабыз деп түлкүчө бөжүп турушат.

Франция өлкөсү казакстандык качкын банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязовго башпаанек берүүдөн баш тарткан. Соттун чечимине ылайык, Мухтар Аблязовдун жактоочусу Карим Бейлуни Франциянын Качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо башкармалыгынын 2018-жылдагы ага саясий качкын макамын берүүдөн баш тартуу чечимине каршы даттанган. Бул даттанууну Франция четке каккан. Бирок толугу ал жактан чыгарылган жок, себеби Касымжомарт Токаевдин ордуна Мухтар Аблязовду алып келүү тилеги Батыштын № 1 тилеги болуцп баратат. Орусияда Путинди Батыш жыкса Казакстан эмне деп турушат.

Казакстанда Аблязов БТА Банктан 7 миллиард долларга жакын акчаны уурдаганы үчүн сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган, ал эми 2018-жылы банкир Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп өмүр бою эркинен ажыратылган. Аблязовго Орусия менен Украина да акча каражатын уурдаган деген шек менен издөө салган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости