www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин Чиланзар райондук соту метродо жүргүнчүгө ыдык көрсөткөн жаранды беш суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу зомбулукка каршы Nemolchi.uz долбоору кабарлады.

Маалыматты Gazeta.uz сайтына Жогорку соттун басма сөз катчысы Азиз Абидов да ырастаган.

«10-майда Хорезм облусунун тургуну Жамшидбек Шамуратов метродо эрезеге жете элек бейтааныш кыздын денесин кармалаган. Кыз бул жөнүндө станциядагы нөөмөтчүлөргө айтып, Шамуратов кармалган», – деп жазылган билдирүүдө.

Сотто күнөөсүн мойнуна алган айыпталуучу кылганына өкүнүчүн билдирип, жеңил жаза берүүнү өтүнгөн. Өз кезегинде жабырлануучу соттон Шамуратов үчүн катаал жаза сураган.

Алгач укук коргоо органдары Шамуратовдун бул аракетин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча карай баштаган. Бирок судья 12-майдагы отурумда аны «Сексуалдык ыдык көрсөтүү» беренесине алмаштырып, айыпталуучуну беш суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости