www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров парламенттик жыйында  Бажы кызматындагы  башалман "баш тырмарлык" иштер тууралуу саймедиреп кетти. Мурун "Бажа бажаны көрсө башы кычышат" деген сөз бар эле, эми "Бажы бажыны көрсө башы кычыша турган" заман келди. Кычышканда да укмуш кычышат экен. Алысты сөз кылбай эле Атамбаевдин заманына шуңгуп кирели. Убактылуу өкмөт бийликти алар менен эң алгач кадр маселеси боюнча катуу кирише баштады, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасарлары Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдер Бажы кызматынын жетекчисине кимдир бирөөлөрдү дайындар менен мунусу Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орунбасары Алмазбек Атамбаевке жакпай калды. Ошондуктан ал бул жерге колу кир болуп калган Кубанычбек Кулматовду алып келүүгө умтула баштады. Кулматовду Бажыга жетекчиликке дайындаш үчүн 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровдун ортосунда телефон менен чуулгандуу окуялар болот.

Кулкуну куураган Кулматов Атамбаевдин заманында бардык май-талкан жерлерде иштеген. Андан кийин  2013-жылы президент Атамбаев өзүнө кеңешчи кылып алат. Ошол эле жылы бука менен уйдун айырмасын билбеген Кулматовду Чүй облусуна губернатор кылып дайындайт. Жедеп май-талканга көнүп алган Кулматов катчысын чакырып келип, иче турган тамактарын тизмелеп берет. Катчы бухгалтерине алып барса ал чачын жулуптур, себеби бюджеттен губернатордун иче турган тамагына бөлүнүп бериле турган жылдык акча Кулматов иче турган эң кымбат кофенин 1-2 даанасына гана чак келет экен. Чүйдүн губернаторунун акчасы аз экен деп чанып 2014-жылы Бишкекке мэр болуп келет. Кулматов Бажыда турганда күнүгө төрт маал Бажынын атка минерлери аны менен мүшөктөп саламдашып эсептешип кетчү экен. Ал тең жарымын жогору жакка жөнөтсө, тең жарымын кулкунуна куйчу тура. Бишкекте аны менен саламдашканга киши кирбей, акыры мектептерге кол салып, камактын сыз жерлерин көрүп келди. 2017-жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жетекчи болот бул жерде айлыгы эле миллион сомго чаап барганы менен көзү тойбой Өмүрбек Бабанов сыяктуу бизнесмендерге 17 миллион доллар соодага мыйзамсыз берип, ортодо көптөгөн долларга ээ болгон. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Бул коррупция эмеспи?

Өзү да сугунуп, бирөөнү сугунтканды жакшы көргөн Кулматов Улуттук Банкка төрага болуп келет. Андан айланып 2017-жылы Бажы Кызматын шынаарлап, аны башкарып калат. Кулматов келер менен мамлекеттик бюджетке түшүп турган акча каражаттары кескин кыскарат. Алардын бары кайсы бир жолдор менен кимдир-бирөөлөрдүн капчыгына куйула баштайт. Ал жетектеген жылдары Улуттук статком элден сурамжылоо уюштуруп, көпчүлүк Кыргыз Республикасынын Бажы Кызматын эң коррупцияланышкан орган деп баса көрсөткөнү маалымат беттерине жарыяланган. Кулматов маалымат жактан колдоо алуу үчүн калыстыкты сүйлөп жүрүп акчага ооп кеткен Азаттык үналгысы менен тыгыз кызматташа баштайт.

 "Колунда токочу бар бала сүйкүмдүү" - дейт, колунда токочу, артында калдайган Кеңеш Кулматов сыяктуу атасы бар Кубанычбек Кулматов кубанычтуу жылмайып 5 миллион сом айыппул менен айыбынан кутулуп кеткен. май болду. Ал эми аны менен катар соттолуп жаткан, Алмазбек Атамбаевдин айылдашы, бир учурда таразачысы, Атамбаев президент болгон соң "Манас" аэропортун майкандап, президенттик аппаратта жана "Дастанда" дардаңдап, Бишкектин "Бифштексин" чыгарган Албек Ибраимов 15 жылга  соттолуп 2020-жылы түрмөдөн качкан боюнча жашырынып жүрөт.

Кубанычбек Кулматов төрөлгөндө эле Фрунзе шаарында балмуздак жеп, эрке бала болгон. Анын атасы Кеңеш Кулматов Кыргызстан КП БКнын секретары болуп, мен Кыргызстанды бийлейм деп чамынып жатып, ошол кездеги Биринчи секретарь Турдакун Усубалиевдин жинине тийип Москвага куулган. Апасы Сакен Кадыралиева Кыргыз ССРинин башкы прокурору катары Токмоктогу эт комбинатындагы "мафиянын башы" Бостоновдорду калкалап жүргөнүн, Кулматов Москвага качкан соң билинет. Сакен Кадыралиева Москва университинин юрфагында ошол кезде КПСС БКнын Генеральный секретары болгон Михаил Горбачев (1985-1991) менен курсташ болгондуктан, Горбачев бийликке келер менен Усубалиевди биринчи секретарлыктан алып, анын ордуна Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары болуп туруп, учак менен Бишкекке учпай, түз Москвага учуп, алты ай биринчи секретарлыкка даярдалган, Кулматовдун кыйбас жолдошу Апсамат Масалиевди Кыргыз ССРинин башына алып келет.

Масалиевден соң Аскар Акаев келет. Чүйлүк катары анын тилин Москвада Кыргызстанды сыртынан билип турган Кулматов табат. Акаевден соң Курманбек Бакиев президент болуп Кулматовдун уулу Кубанычбек Кулматовду саясий чөйрөгө, Бажыга алып келет. Бакиевдик бийлик алмашкан соң, куугунтук башталат, бир гана  Кубанычбек Кулматовго "жел тийбейт", ал эмес Убактылуу Өкмөттүн төрайымын биринчи орун басары  Алмазбек Атамбаев эки орун басары  Азимбек Бекназаров, Темир Сариевдер менен телефондон ит жебеген бокту жешип талашып, Атамбаев жеңип Кубанычбек Кулматовду бажыкана башына алып келет. Андан соң Чүй облусуна губернатор болуп келет. Ушул жерде Кубанычбек Кулматов тууралуу эки сөз калган. Биринчиси, Бажыда төрт маал "ставкаларды" алып, кымбат баалуу кофе иче турган Кубанычбек Кулматов губернатор болгон соң иче турган кофе, тамактарынын тизмесин катчысынын колуна берет. Муну окуган эсепчисинин төбө чачы тик турат, себеби Кубанычбек Кулматовдун бир күн иче турганына Губернатордун тамак-аш иче турган бюджетинин жарым жылга бөлүнгөн акча түтпөйт экен. Экинчиси, айт күнү Чүйдүн губернатору ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барып буканы көрүп "Сискасы" жок уй экен, - деп таң калыптыр.

Кубанычбек Кулматов Атамбаевдин убагында барбаган жакшы кызматы калган жок. Бишкекке мэр болуп, ошондогу тамагынын аркасында сот жообуна тартылды. Кыргыз-орус өнүгүү банкына барып бабановго окшогон алкы бузукка мыйзамсыз 17-миллион доллар “Азиямоллду” курууга берди, Улуттук банкка барды. Акыры камалып, жетим көпөлөктөй айланган Кеңеш Кулматовдун колдоосу аркылуу сот жообуна тартылбай 5 миллион сом айыппул менен кутулду. Азыр бул да көптүк кылып жатат деп атасына даттанып жатып бул жерден бошонгон, анткени “папинкин сынок” эмеспи. Ушундай адамдар да учурунда Бажыны башкарып келишкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости