www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрт укук коргоо уюму Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелди ушул жумада Казакстан менен Өзбекстанга жасай турган сапарынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукканда адам укуктары жаатындагы "актуалдуу маселелерди" көтөрүүгө чакырды.
25-октябрда жарыяланган билдирүүгө Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Адам укуктары боюнча Казакстан бюросу, "Борбор Азиядагы адам укуктары" ассоциациясы (AHRCA) жана Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси кол койгон.
Билдирүүнүн авторлору Мишелди Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине ЕБ аймактагы адам укуктарынын абалы боюнча "сезилерлик жылыштарды күтүп жатканын жеткирүүгө" чакырышкан.
"Быйыл Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда болгон ири кризистер маалындагы адам укуктарынын одоно бузулушун иликтөө үчүн тез арада калыс жана натыйжалуу чаралардын көрүлүшүн, ошондой эле адам укуктарынын бузулушуна күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылууңузду өтүнөбүз. Казакстанда, Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жана Каракалпакстанда бүгүнкү күнгө чейин аныктала элек белгисиз себептерден улам тынч акциялар укук коргоо органдары менен кагылышууларга айланып кетти. Жыйынтыгында көптөгөн адамдар өлүп, жаракат алды", – деп жазылган билдирүүдө.
Укук коргоо уюмдары бүгүнкү күнгө карата Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бийликтери аталган окуялар боюнча көз карандысыз жана ачык иликтөө жүргүзбөгөнүн, күнөөлүүлөр жоопко тартылбаганын белгилешкен. Мындан тышкары алар жогорудагы үч өлкөдө ири кризистерден кийин журналисттер менен блогерлер кармалып, сөз эркиндиги чектелип жатканын айтышкан.
"Мындын тышкары бийликти сындаганы жана мыйзамсыз иштерин ашкерелегени үчүн сот жообуна тартылып жаткан аймактагы активисттерди, журналисттердин жана блогерлерди тез арада бошотууну талап кылууңүзду өтүнөбүз. Ошондой эле сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алып, турак-жайлар талкаланган кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар боюнча көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгилейбиз", – деп жазылган укук коргоо уюмдарынын билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg