www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртелиби, кечпи Акаевдин өлүмүнүн сыры ачылат. Анын ай-талаада өлүмү, ай-талаада качып жүрсө да өз үйүндө көз жумбай, Москванын четинде дачада жатып калганы, аны билген адамдарды бүшөмүк ойго салды. Үч жыл мурун Аскар Акаев тун уулунан айрылган.  Айдар Акаев өзүнүн туулган күнүнө эки жума калганда 2020-жылдын  5-февралда көз жумду, 20-февралда ал 44 жашка толмок. Анын денеси  Москванын чет жакасындагы Рублево-Успенский шоссесинин жээгиндеги, Горки 10 аталган элиталык хансарайлардын арасындагы “Зеленая Лощина” поселкасында табылган. Бул анын үйү болгонбу белгисиз. Аны кимдир бирөө атып же зордуктап өлтүргөнүнүн изи жок. Ал жаш болчу демек өз ажалынан өлмөк эмес. Анын жашоосу атасы президент болуп турган 15 жыл ичинде Бабановго окшогон желдеттери менен жыргалда өтсө да, акыркы он беш жылда жашыруун белгисиз болгон. Акаевдин табышмактуу өлүмүнүн сыры эмнеде?

Акаев-Ата кырк беш жашында илимден саясатка аттанат. Ал Илимдер Академиясынын президенти болуп туруп Ноокат районунан СССР Жогорку Советине 1989-жылы май айында депутат болот. Ошол кездеги убакыттын ыкчамдыгын караңыз, бир жыл өтүп Акаев-Ата 1990-жылдын октябрь айында Кыргыз ССРине президентке аттанып, туура он төрт жарым жыл президент болот. Акаев-Атанын трайбалисттик-туугандык сезими өөрчүп, 2005 –жылы  уулу Айдарды, кызы Берметти Жогорку Кеңешке депутаттыкка даярдап, элдин муңу өсүп кете турган болсо, Акаев президенттиктен кетип мамлекеттик бийликтин “эки тизгин, бир чылбырын” уул-кыздарына ырооломок. Бирок, Акаев-Ата ойлогондой болбой калды. Эл Акаевди эртелеп кубалап чыкты.

Анын апасы Майрам Акаева тууралуу да сөз көп. Башкысы он беш жыл бийликти таластыктарга бийлетип, туалетке чейин киришип турганы элдин эсинде калды. Ошолордун ичинде Бабанов да бар. Бабановго окшогондорго апче болуп, алар элди тоноп миллиардер болуусуна өбөлгө болгон.

Акаев-Ата жөжөлүү тоок сымаал, канатынын алдына катып уул-кыздарын жакшы эле көкөлөттү. Арааны калдайып ачылган, арампорос Адил Тойгонбаев Акаев-Ата мамлекетти жетектеп турганда Кыргызстандагы ырыстуу нерселердин барын өзүнө ыйгарып, кыйналып жаткан кыргыздарды бир тал саманга да теңеген жок. Жездекесинин изи менен кетип бара жаткан Акаев – Уул Бабановго окшогон бутунан туруп, бизнес жактан бакалоору өсүп келе жаткан жигиттерге тирек болуп, кыргыздын өз эмгеги менен өсүп келе жаткан бизнесмендерин алкымдап, миллиондорду самандай сапырып жүрдү.

Бермет Акаева Кыргызстанга келүүгө аракет көп кылды, ал эми Айдар Акаев сыртынан соттолгон соң ооз ачпай, элге чыгуудан жашырынып жүргөн. Ал эмес Аскар Акаев 75 жашка толуп мааракесин салтанат менен өткөргөн сүрөттөрдө да уулу Айдардын изи жок. Анын биринчи аялы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин эрке кызы Алия Назарбаева болгонун көпчүлүк билет. Аны менен ажырашуусу акыры өз атасы Аскар Акаевге кедерги болуп, качууга аргасыз болгон. Экинчи аялы мурунку теле алып баруучу Сайкал Чокубаева менен да ажырашкан. Сайкал Чокубаева аны менен ажырашкан соң көп дүнүйөгө ээ болуп Москванын алдыңкы бизнесмен аялзатына айланган. 2016-жылы Сайкал Чокубаеванын ысымы эл аралык деңгээлде калкып чыккан. Ал оффшордук эл аралык консорциумдардын арасындагы иликтөөлөрдүн негизинде Панама архивде кара тамгалар менен басылып чыккан. Аны менен бирге Британдык Виргин аралдарына тиешелүү Minden Bisiness Limited компаниясынын акционери Асел Бактыбектин ысымы кара пиар менен дүйнөгө белгилүү болгон. Айдар Акаевдин Сайкал Чокубаевадан үч баласы бар. Айдар Акаев аны менен ажырашкан соң үчүнчү ирет үйлөнгөн.

Акаев-Ата бир гана Кыргызстанда эмес Борбор Азияда таасирин сактап калыш үчүн уулу Айдарга ошол кездеги Казак Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын колун сурап “падышачылык үй-бүлө” кургусу келет. Эгер Акаев-Уул менен Алия Назарбаев кол кармашып жашап кеткенде, 2005- жылдын 24-мартындагы окуяны алар чымын чаккандай көрмөк эмес. Ак үйгө каптап келген кишилерди чокмору менен кубалап чыкмак. Кыргызстандагы оппозицияны ошол кездеги Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиевдин достору колдогон. Ал мезгилде Рахат Алиев менен Нурсултан Назарбаевдин ортосунда кара мышык аралап калган, бирок эмнегедир Назарбаевдер Акаевдерди колдогон эмес. Муну туура түшүнгөн Акаев бул селге каршы туура албады. Кокус Акаевдер менен Назарбаевдер уул-кыздары ажырашпай куда болуп турушса, Назарбаев Акаев кудасын бул алааматтан сактап калмак. Кийинки мезгилде же 2007-жылы Назарбаевден качып Австрияга барып баш калкалоо сураган Акаев-Уулдун бажасы Рахат Алиевдин достору да кыргыз оппозициясын колдошмок эмес. Рахат Алиевдин уулу же Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев наркоманиянын чеңгээлине кирип кетип, чыга албай жакныда көз жумду. Акчанын көптүгү наркоманияга жетелейт экен. Айдар Акаевдин дагы бир бажасы Тимур Кулибаев учурда Казакстанда гана эмес, дүйнөдө миллиардерлердин көрүнүктүүсү. Ошентип, 2005-жылы 24-мартта Акаевдердин кубаланышына  кыйыр болсо да Назарбаевдин тиешеси бар.

Айдар Акаев Кыргызстандагы көзгө жылуу жылтыраган нерселердин барын менчиктештирип алган соң, каалаганын кайсап жибере турган алкымдуу “ажыдарга” айланган. Акаевдин заманында приватташтырабыз деген идея кичинекей Кыргызстан эмес, Борис Ельцин көз салып турган Орусияны онтотуп жиберген. Орусия акча тыйынын барын, “жети еврейге” берип коюп, менчиктештирүү деген ушундай болот деп ойлоп калышты. Орусияны туураган Кыргызстан экономикабызды колубуздан келгиче талап-тоной баштады. Ушундай талап-тоноо мезгилинде Кыргызстандын бүт каржы жаатын көздөп Акаев-Уул отурду. Акча көптүрөт, элдин эсебинен алган миллиондор Акаев-Уулду баңги заттар менен байланыштырды. Кырк беш жашында Акаев-Атанын багы ачылган, кырк беш жашка толуп баратып Акаев-Уулдун багы байланды. Кыргыздар улуттук каада-салт боюнча көзү өткөн адамга жаман айтпайт. “Аскар уулу Айдар кандай киши болгон?” “Жер жамандап барбасын. Жакшы киши болгон”, ал эми анын желдети Бабанов элди сыздата тоноп миллиардерге айланды.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости