www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин жогорку палатасын жоюп, бир палаталуу системага кайтууну сунуштады. Бул тууралуу ал 11-январда өлкө парламентинин кош палатасынын жыйынында билдирди.

Сунушка ылайык, эки жыл мурун гана парламенттин жогорку палатасы деп жарыяланып, төрагалыгына өлкөнүн ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов шайланган Халк Маслахаты (Элдик кеңеш) кайрадан бийликтин өз алдынча органы болуп калат.

Ага Конституцияны өзгөртүү, конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын аныктоо ыйгарым укуктары берилери кабарланды. Экс-президент орган өз ичине бийликтин бардык бутактарын камтый турганын белгиледи.

Ошол эле күнү өлкөнүн расмий маалымат каражаттары Гурбангулы Бердымухамедовдун жана анын уулу, азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун жарлыгы менен токтомун жарыялашты.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, Гурбангулы Бердымухамедов "абсолюттук бийликти" кайра өз колуна алуу үчүн бул реформа жөнүндө 2022-жылы жайында эле ойлоно баштаган.

2022-жылы мартта Гурбангулы Бердымухамедов президенттиктен кетип, ордуна уулу Сердар мамлекет башчысы болуп шайланган. Ошол эле айда алгачкы жолу парламенттин жогорку палатасына шайлоо өткөн. Андан соң Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатынын мүчөсү, кийин төрагасы болуп шайланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости