www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кеп Баатырованын Япониядан карызка акча алганында деле эмес. Азыркы учурда кандайдыр бир күчтөр бийликке өтө жагып келген Алымкадыр Бейшеналиев сыяктуу адамдарды орду-түбү менен тазалап жаткандай. Бийлик күн сыяктуу өтө жакын адамдар куйкаланып күйүп кетет, өтө алыс адамдар тоңуп, үшүп калышат. Бийликке өтө жакын адам Алымкадыр Бейшеналиев куйкаланып күйүп кетти. Ал жазган булар жашыруун «подполье» уюштурушуп, тордун артында камакта жаткан адамды көтөрмөлөй баштайт. Ошентип, тордун артында камакта жаткан адамга учур келет да, бийликтин туу чокусуна келет, ал эми аны көтөрмөлөп жүргөн Алымкадыр Бейшеналиев түз эле Саламатыкты сактоо министри болот. Алымкадыр Бейшеналиев бийликке таянып алып анча-мынча алкы бузуктарды жоготуп министрликти тазалап келаткан. Бирок, этиканы бузуп бийликке таянып алып ээн ооз сүйлөй берчү. Кана министрден түштү анын сөзүн ким угат?
Зулушев менен чатакташып жүргөн «Уу коргошун» экс-министр Бейшеналиевдин эң эле чатак иштеринин бири дагы бир экс-министр Сабырбек Жумабековдун алтын колдорун көрө албай асылып жүрүп кызматынан кетирген. Гүлнара Баатыровадан ортопед Сабырбек Жумабековдун кызматтан алынышы боюнча пикирин сураганда: "Сабыр Артистбековичти абдан сыйлайм. Кыргызстандагы эң мыкты травматолог, бизде эле эмес чет өлкөлөрдө дагы таанымал академик, профессор. Азыр травматологиянын жарымы Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына, жарымы Улуттук госпиталга келди. Травматологдорду чогултуп, маселени кайра карайлы деген оюм бар. Сабыр Артистбековичтин кызматын колдо бар алтындай көрүп пайдаланышыбыз керек. Мындай мыкты адистерибизди сөзсүз түрдө баалашыбыз зарыл", — деп жооп берген.
2022- жылдын башында Бишкек Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөн. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна Памир Муратовду дайындаган. 1995-жылы медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабековдун Кыргыз курортология институтуна ортопедия боюнча директордун орун басары жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы болуп келиши менен Кыргызстанда биринчи жолу ортопедия боюнча илимий бөлүм ачылган. Бул бөлүмгө институттун ортопедия, операциялык блок жана реанимициялык бөлүмдөр кирген. Уул мезгилден баштап кыргыз травматологдору үчүн жаңы илимий доор башталган, анткени илимий бөлүм бардык иштерди бир калыпка салып,бардыгын бириктирип, алдыга кандайдыр бир максат коюп, ошол иштерди ишке ашыра баштаган. Ошондуктан, эң биринчилерден болуп 1996-жылы Жумабеков Сабырбектин жетекчилиги менен илимий долбоор иштелип чыгып, Илим жана интеллектуалдуу менчик мамлекеттик агентчилигинин каржылоосу менен долбоордун негизинде ортопедия жана травматология боюнча илимий кызматкерлердин саны өскөн. Андан тышкары Жумабеков Сабырбектин жеке демилгеси менен илимий бөлүмдүн базасында Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун бүтүрүчүлөрү үчүн «травматология - ортопедия» адистиги боюнча клиникалык ординатура ачылган.
Борбор Азияда биринчи жолу Жумабеков Сабырбектин жетекчилиги менен микрохирургия ыкмасына салып, белгилүү немец фирмасы «Эскулап» жана жаңы муундагы эндопротездөөнүн жардамы менен грыжаларды алып салуу жүргүзүлгөн.
Жумабеков Сабырбектин жеке демилгеси менен 2004-жылы Травматология жана ортопедия боюнча Бишкек илимий –изилдөө борбору (БНИЦТиО) 4-шаардык ооруканасынын базасында ачылат. Ушунун негизинде Кыргыз курортологиясында 3 бөлүмдүн ордуна бир гана ортопедия боюнча бөлүм ачылат. Азыркы мезгилде Кыргыз Курортологиясындагы ортопедиялык бөлүмдө остеохондроз стабилдүү эмес формасы боюнча,генеретивдүү спондилолистез жана жана башка иштер боюнча Травматология жана ортопедия боюнча Бишкек илимий –изилдөө борбору (БНИЦТиО) менен биргелешип иш алып барышат.
Жумабеков Сабырбек Артисбекович Кыргызстанда эле эмес, бир топ өлкөлөргө таанымал сөөк дарыгери.Жумабековдун буттун сөөгүн 31 сантиметрге чейин өстүргөн эмгеги Гиннес китебине сунушталып, жакында эле китептин комиссиясынан жооп келип, бирок китепке дарыгердин эмгеги эмес, эч нерседен коркпостон өз денесине алты жолу операция жасаткан 21 жаштагы Темирбек Бекбоев кирмей болгон.
КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, миңдеген оорулууга шыпаа берген даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабеков жөнүндө айта кетпесе болбос. Ал 1964 жылы 11-августта Таластын Кара-Буура районунун Сатыке айылында туулган. Оорулууларга шыпаа берген сандар. 450дөн ашык илимий иштин автору, 35тен ашык илимдин кандидатын, 6 илимдин докторун чыгарган. 100дөн ашык илимий ачылыштарды жасап, алар патенттелген. Жеке өзү 23 миңден ашык адамга, окуучулары менен 150 миңден ашык кишиге операция жасаган. Мындан тышкары 1 миллиондон ашык бейтапка консультация берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg