www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күн мени эң көп кыжаалатка салган күндөрдүн бири болду. Мынчалык чүнчүп, колумдан эч нерсе келбей отуруп каларымды элестеткен эмес элем. Жаш кезим болсо, урунуп-беринип жатып маселеми чечип алар белем... Жашың өр таяган чакта өзүңдүн тарткынчыктап калганың аз келгенсип, башкалар көз көрүнөө укугуңду тебелеп, киши ордуна көрбөй калат экен, атаңгөрү. Айрыкча, ушу бизде... кыргызда. Мындай пикирин жазуучу-публицист, журнaлист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов билдирди.
"Кечээ-бүгүн башымдан өткөн окуялар мени чүнчүүнүн чыласына батырды да койду. Канчалык ынтылсам да, булкунсам да, бул саздыктан али-бери чыга ала турган эмесмин. Ошондон улам, урматтуу Фейбук-досторум, арыз-муңумду силерге ачык айтып, бир аз да болсо бөксөрүп алсамбы дедим. Анан, “Керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей, “Досторум силеге айтам, чоңдорум силер да уккула” деген жактары да болуп туру. Чоңдорубузга да кулак кагыш болсун.
1. 11-февралда Жалал-Абад шаарында менин кара чечекей иним, кыргыз бажысынын алгачкы прфессионалдарынын бири, полковник, отунбаева-атамбаев-кулматовдук куугунтуктардын курманы, маркум Кайыпов Абдилазиз Турдуевичтин (20.08.1959 – 19.02.2022) жылдык ашы болду. Мен ал иними көтөрүп баккамын... Барып, башында туруш мага шарт эле, бара албадым, атаганат.
Же менин энөөлүгүм болуп калдыбы... Мындай болорун кайдан билейин, 10-февраль күнү TezJet авиакомпаниясынын Жалал-Абад шаарына саат 11.20да уча турган каттамына бир канча күн мурда билет алып койгомун. Көңүлүм ток, аэропортко эртелеп барып күтүп отурдум. Убукыт өтүп жатты, каттоо башталбайт, кабар да жок, жымжырт. Шектене түшүп сурап билчү жайына барсам, биздин маалыматыбыз жок деп акшыңдап койду. Малымат кимде болот десем, тетири карап тоотпойт. Акыры, 1-кабаттагы 1-секторго бар деп бакырды. Осолум он пул болуп, айткан жерине барсам, бир сары чач аял жабалактаган элди каалагандай кагып-силкип жатыптыр. Ага мен да кайрылдым, аргасыз. Ал: “Я вам объясняю, рейс отменён...” деп баштап, авиакомпаниянын күнөөсү эмес экенин, билет үчүн төлөгөн акчабызды төлөгөн жерибизден кайра барып алып алышыбыз керектигин айтып, бир топ зиркилдеди.
Мен жай түшүндүрөйүн деп аракет кылдым, бирок пайда болбоду. Адамдардын иши калып жатпайбы, канча убактысы сая кетип жатат, жок дегенде Ошко жибергиле десем, “Закон не позволяет” деп, оозуна келгенди сүйлөп кирди. Элдин баарын келесоо ойлогон неме экен. Ал жерден эч нерсе чыкпасына көзүм жеткен соң, башкаларына кайрылдым. Акыры шаабайым сууп, анда Ошко жаңы билет алайын десем, Ошко бүгүн-эртеңкиге эч билет жок дешти. Негизгиси: ЭЧ КИМ ЭЧ НЕРСЕ БИЛБЕЙТ! Көрсө, Жалал-Абаддан жооп келбей жатыптыр. Чалгын телефонду алышпаптыр, өздөрү телефон чалышпаптыр. Жалал-Абад аэропортунун техникалык жактан жабдылышы өтө эле төмөн имиш. Ошондуктан маалымат берүүчү таблодо эч маалымат жазылбай жатыптыр. Мынча саатка кечигип жатат, же учпай калды десечи, капырай.
Ошентип, кыйла күйпөлөктөдүм, анан түшүндүм... Көрсө, мен кайрылган жерлерге бей-бечаралар, колунан эч нерсе келбегендер кайрылыт экен. Колунан келгендер башка жагынан кирип, башка жолдор менен эле маселесин чечип кете беришет экен. Кагып-силкип жаткандарынын сыры да ошондо экен, “Колунан эч нерсе келбегени үчүн ушул жерде жүрөт да тамтайып. Колунан келген неме болсо, ушул жерде жүрмөк беле” деп ойлоп, эч тайманбай кагып-силкий беришет экен. Ошентип, колуман эч нерсе келбеген киши болуп, шаарга кайттым. Башка жолум жок эле, убакыт болсо өтүп жатат.
Кассага келип, жайымы түшүндүрдүм. Саатап күттүрүп жатып билетимдин акчасын кайтып беришти. Ошко, эртеңки биринчи каттамга билет сурадым. Орун жок дешти. Чаалыгып-чарчап үйүмү көздөй жөнөдүм. Тийиштүү фирмаларга чалып, эртеңкиге Ошко орун болсо, мага айтып койгула деп, жайымы түшүндүрдүм, өтүндүм. Макул дешти, бирок бирөө да билет таап бере алган жок. Алар деле аэропорттогулардай ойлойт экен – бизге кайрылып жатса, бечара экен да деген ойдо болот экен.
Машина менен чыгайын десем, ашууларда кыйналасыз, жол толук ачык эмес, ооруп-пооруп калсаңыз жоопкерчиликти мойнубузга ала албайбыз дешти. Ошентип, ана-мына дегиче убакыт өттү-өттү... мен чындап эле инимдин жылдык ашына бара албай калдым. Ушундай да болот экен!
2. Эми мына, кечээки көргөн күнүмүн сабактарын талдап отурам. Негизи, кечээки күнүм эң башынан начар башталган экен. Эртең менен эрте эле жолго чыктым. Бузулган Ысык-Көл мейманканасынын жанынан чыгып, Манас проспектиси аркылуу Чүй проспектисине чейин төмөн түштүм. Жааган кардын үстүнө топурак аралаш туз себишкен экен, жол тим эле балжырайт. Тайгактыгын айтпа. Шаар кароосуз калганын түшүнүп, заманам куурулду. \
Андан аэропорттун жолуна чыктым, ал деле тазаланбаптыр. Ичимден: “Кокустан чет элдик бир конок келип калса, аэропорттон чыгып, биздин резиденцияга чейин ушул жол менен барса, биздин өлкөбүз жөнүндө кандай пикирде калат? Бул жолдордун тазалыгына жооп берчү немелер кайда жүрөт болду экен? Уялышпайбы!” деп ойлоп, көңүлүм кирдей түштү. Пенсионерлер минчү “ак жоргомду” кылдыратып айдап алып кете бердим.
Анан, жанагы окуялардан кийин ошол эле жолдор менен кайтып үйгө келбедимби. Күндүн табына кар эрип, жолдор эртең мененкиден беш-бетер шалтактаптыр. Ылайга оонап-оонап алгансыган, ботала автоунаалар... кыжыры кайнап, бири-бирине ызырынган айдоочулар... Ушунун баары резиденцияга кеткен жолдо, башка жолдо эмес... менин жакшы көргөн мыкты чыкма үкөлөрүм эртели-кеч эки ирет өткөн жолдо. Мындай кир машиналарды шаарга киргизбөө керек өзү, бизде болсо, өкмөттүк жолубузда тайраңдап жүрүшөт.
Оюма не келди дейсиз? Оюма: “Жанагы мэр деген немеде такыр эле уят жок бейм. Жок дегенде, өлкө жетекчилери өткөн жолду таза тутайын дебейби? Болуптур, анда уят жок болсун дейли, ушул жерден күндө өткөн үкөлөрүнүн ичинен бири болбосо бири, жанагы мэрди чакырып туруп:”Жолуң кантет, баатырым?” деп, кулагын чоюп койбойбу?” деген ойлор келди.
Айтарымы айтып, кичине бөксөрүп алдым бейм, эй, Фейсбук-досторум. Же менин айтканым туура эмеспи? Айткылачы, жооп бергилечи мененин төмөнкү суроолорума:
1) Аэропорт, авиакомпаниялар туура эле иштеп жатса, мен жөн эле кылдан кыйкым издеп жатамбы? Клиенттерге кылган мамилелери туптуурабы? Менин Жалал-Абадга бара албай калганым менин күнөөмбү? Аэропорттун ишин тескеп турган бирөө барбы, жокпу, же ал ээн калган жерби?
2) Шаардын жолу дайыма эле таптазабы, мен жөн эле асылып жатамбы? Мэрия кар жааган сайын таптаза кылып шыпырып турабы? Калганын кой, өлкө башчыларыбыз өткөн трасса дайыма эле таптазабы? Жолдун ак чийиндери былтыр эле өчүп калган боюнча турган жокпу? Жарыктандыруу абдан жакшыбы? Мэрге бүткүл элдик алкыш жарыялап, социалисттик эмгектин баатыры кылылыбы? Кантели?
Айтпайын десем ич күйөт!", - деп жазган Кайыпов.
Булак: NazarNews.kg