www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
51
Кекилик, чил, кыргоол менен коенго күн көрсөтпөс улуу тоонун алгыр куштары куштары туу чокуда айланат. Бөксө тоолорду кыркып чабыттайт. Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш мергенчиси Эдигейди ээрчитип жигиттери менен аңчылыкка чыгат. Эдигей мерген түп атасынан бери тайган агытуу, кыраан таптоо менен өмүр өткөрүшкөн. Көзгө атар мергенчилигинде айып болбогон.
Күздүн күнү, Кара –Кужур тарапка жөнөштү. Эдигей мерген ээрге өбөктөй калып, алда кайда зымырап кеткен. Дыйкан болуш аттарын байланыштырып коюп, биртке өңүт алып турду.
Бир кезде пайда болгон Эдигей мерген жаламанын үстүнө чыгыш үчүн, борчук ташты айланып, жалама зооканы капталдай баратты. Ошол борчуктун үстүндө килтейген аюу, чакадай болгон ташты көтөрүп алган экен. Ал алдыны карап тургандыктан, Эдигей мерген эмне бар экен деп кызыкты да, ээк алдындагы жерди кароого алды. Көз жүгүртсө килтейген илбирс бир текени басып калыптыр. Аюу улам ыкыс берип, мына ушул илбирсти урганы турат. Көрө коюп, бир топ селейип катып калып, ордунан туруп, Дыйкан болушка чуркап барып бул кызыкты айтып берди.
-Дыйкан баатыр, мен бир кызыкты көрдүм. –деди.
-Ал эмне кызык экен?-деп Дыйкан болуш кайра сурады.
-Жүрүңүз өз көзүңүз менен көрүңүз.-деп Эдигей мерген Дыйкан болушту артынан ээрчитип жөнөдү. Эдигей мергендин колунда бардаңке мылтык, экөө тиешелүү жерге шашып барышкан соң Дыйкан болуш аюуну көрдү.
- Өгүз аюу тура, тим тур, илбирсти таш менен урсун. Анан атарсың.- деди Дыйкан болуш. Бир кезде чакадай ташты өйдө көтөрүп туруп, аюу илбирсти таамайлап урду. Текени басып жаткан жайынан илбирс турбай калды. Эми аюу акырын түшүп барып, текени жемей болду. Муну байкап турган Дыйкан болуш Эдигей мергенге:
-Эдигей мерген, текеге аюунун тиши тие электе ат! –деп калды. Эдигей мерген аюуга жакындады, аюу болсо эч нерсени байкабай, майпаңдай текеге жакындай берди. Аюу текеге жетерде Эдигей мерген мээлеп туруп, бардаңкени басып калды. Аюу катуу барып, азыраак тампалаңдап барып жыгылды.
Дыйкан болуш баш болгон аңчылыкка чыккандар күтүүсүз жерден үч олжого тушукту. Болгондо да өгүз аюу, териси баа жеткис илбирс жана алты кар баскан теке. Биринчи кол булганбасын деп текени союшуп, анан аюуну союшуп, аягында илбирсти союшту. Мунун себеби, теке адал айыл –апага тамак-аш кылып, жегенге эти жакшы. Ал эми аюунун этинин дарычылыгы бар, илбирстин эти болсо эч нерсеге жарабайт экен.
Аягында Эдигей мерген Дыйкан болуштун жигиттери менен илбирсти союп жатканда оозун ачып таң калды. Укмушуң кургур, аюу ошончо аралыктан илбирстин мээсин чыгара коюптур. Дыйкан болуштун жигиттери аюу менен текенин этин теңдешип, айылы жайгашкан жайлоону көздөй жол тартышты.
Кийин улуттук боштондук күрөш учурунда кочкорлуктардын негизги колу Анжияндан келаткан аскер менен кармашып жатканда, Кочкордогу орус аскерлерине бүтүндөй элди кырууга ыңгайлуу шарт түзүлөт, ошондо азыктын мыкты мергени Эдигей баштаган мергенчилер орустарга каршы атышып, орус аскерлерин Кочкор айылына чегинүүгө мажбурлайт. Кочкор элин Эдигей мерген чоң кыргындан сактаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg