www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттарына тил бүттү окшойт, же арына келиштиби айтор, кечээ Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары, Өкмөттүн соцблогун тейлеген Эдил Байсаловду катуу сынга алышып, жемелешти.
Ансыз да коомго, элге жек көрдү болуп бүткөн Эдил Байсаловду бул жолу депутаттар аяшкан жок. Ал түгүл кызматтан алуу керектиги тууралуу маселени көтөрүү, талап кылгандар чыкты.
Сыягы, кылым кыйшайбай деген Байсаловдун кылы кыйшаймак түгүл, ээрден жылмышып, өзү колдоп, кубаттап жаткан "78 миллион сомдуктардай" ээн-эркин болуп калышы мүмкүн. Депутаттардын үй-бүлөсүнө кызыгышканында кеп бар.
Деги эле президент Садыр Жапаровдун Эдил Байсаловду жогору кызматка кандай максатта кармап жүргөнүн түшүнө албагандар көп. Айрымдар Англия менен ортомчулук кылат дешет... Балким чындыгы бардыр.
Булак: NazarNews.kg