www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Ким күчтүү болсо 2020-жылдын октябрында Бишкекке келип саат сайын мэрди алмаштырып турган. Ошондуктан ким мэр болгонун эч кимдин эсинде жок, анткени мэрлер жакшылап отурушуп кагазга кол койгонго да үлгүрбөй калышкан. Москвада Поповду кошпогондо 2 мэр иштесе, Бишкекте башаламандыкты кошпогондо 22 мэр алмашкан. Акаевдин заманында 15 жылда Бишкекте 7 мэр алмашкан, Бакиевдин заманында 5 жылда 4 мэр, Отунбаеванын заманында 1 жылда 1 мэр, Атамбаевдин заманында 6 жылда 3 мэр, Жээнбековдун заманында 3 жылда 1 мэр, Жээнбеков кызматынан кетип, башаламандык убагында Бишкекте саат сайын мэр алмашып турду, ким мэр болгонун билбей да калдык. Жапаровдун заманында 2 жылда 6 мэр алмашты. Бардыгы башаламандыкты кошпогондо 22 мэр алмашты.
Орус империясында 1914 жылы туулган Ви́ктор Васи́льевич Гри́шин 1967 жылдан 1985 жылга чейин Москва шааркомунун биринчи секретары болгон. Андан 1985 жылы айтылуу президент Борис Ельцин өткөзүп алган.1987 жылы Ельцинди жоготуп ордуна Лев Зайков келет. 1989-жылдын 1991 жылга чейин Прокофьев Юрий. 1991 жылы Москвада биринчи мэр болуп еврей мурунку депутат Гавриил Попов болот. Бир жылга жетпей ордун 1992 жылы Юрий Лужков алат. Ал 2010-жылдын сентябрына чейин он сегиз жыл боюу Москванын мэри болуп турат. Лужков ордун Серге́й Собя́нинге бошотуп берип кетет да 2019 жылы көзү өтөт. Серге́й Семёнович Собя́нин азыркы Москванын мэри, Москва шаарынын отуз жылдан берки экинчи мэри.

Бишкек 1878-жылы негизделген, Турдакун Усубалиев (1958 -1961), Карыбек Молдобаев (1973-1985), Улукбек Чиналиев (1985-1991), Амангелди Муралиевдер союз убагында Фрунзе шаарын жетектеген, Бишкектин мэрлери:
Акаевдин убагында :
1. Акматбек Нанаев (1990-1991 жж.)
2. Абдыбек Суталинов (1991-1992 жж.)
3. Өмүрбек Абакиров (1992-1993 жж.)
4. Жумабек Ибраимов (1993-1995 жж.)
5.Борис Силаев, (1995-1998 жж.)
Бишкек жакка мэр болуп,
Борис «дядя» баш ийкейт.
«Сила» барбы Силаев,
Москвага ташый кетет.
6.Феликс Кулов, (1998-1999 жж.)
КыГыБыдан түз эле,
Кыйратам деп келипсиз.
Түрмө жакта орун бар,
Түшө койчу, Феликс.
7.Медетбек Керимкулов, (1999- 2005 жж.)
Ким болсо да кожоюн,
Иштейт Мекең талыкпай.
Унчукпастан ашаган,
Деңиздеги балыктай.

Бакиевдин заманында:
1.Аскар Салымбеков, (апрель – август 2005 жж.)
Салымбеков Аскар тез,
Бишкек шааарын оңдойбу?
Кетип калса мэр болуп,
Ким башкарат «Дордойду»?
2.Арстанбек Ногоев, (2005-2007 жж.)
«Шыпыргычан» Ногоев,
Көчөлөрдү тазалаар.
Шыпырылды Арыстаке,
Чыга берип «кашалар».

3.Данияр Үсөнов, (2007- 2008 жж.)
Чуркап жүрүп Үсөнов,
Эптеп мэрге жетиптир.
Андан кийин келген мэр,
«2» коюп кетиптир.
4.Нариман Түлеев, (2008-2010 жж.)
Жапжашыл шаар Бишкекти,
Миллион гүлгө бөлөгөн.
Эл жүрсүн деп кыйналбай,
Автобусту «төрөгөн».

Отунбаеванын заманында:
1.Зоотбек Кыдыралиев (2010)
Зоотбек алып Бишкекти,
Аз күн иштер зор болду.
Тартып алып Исакең,
Бишкек кайра кор болду.

Атамбаевдин заманында:
1.Иса Өмүркулов, (2010-2013 жж.)
Өмүркулов Исакең,
«Ош» базарды бишкектейт.
Бирок, улам начарлап,
Бара жатат Бишкек дейт
2.Кубанычбек Кулматов, (2014- 2016 жж.)
Балмуздак жеп чоңойгон,
Кеңеш уулу Кубаныч.
Он миң сомдук кофе ичкен,
Мектеп жебе сураныч.
3.Албек Ибраимов, (2016- 2018 жж.)
Канча миллиард байкалбай,
Өтүп кеткен тамактан.
Калбаат күндүн айынан,
Качып жүрөт камактан.

Жээнбековдун заманында:
1.Азиз Суракматов, (2018-2020 жж.)
Кокуй алат ушул күн,
«Коронавирус» деп койот.
Гумжардам келсе алыстан,
Кулкулдатып жеп койот.

Башаламандык убагында Бишкек мэри саат сайын алмашып турду.
Жапаровдун заманында:

1.Балбак Түлөбаев, (2020-2021 жж)
Кыргыздан чыккан еврей,
Көтөрүп чыккан «Аюну».
Элди ойлобой Балбакең,
Ойлоп турат баюну.
2. Эрмек Нургазиев (2021 жыл 1 күн)
«Тууганы эле болбосо,
Тумшукка койчу адам»-деп.
Камчысын турган үйүрүп,
«Катынды дайым сабайм» -деп.

Аял жакка жооп билет,
Кызыл камчы, сок билек.
Отуруп жатып, отурбай,
Ордунан кеткен котурдай.
3.Бактыбек Кудайбергенов, (2021)
Жеңип чыкты «Ата-Журт»,
Жергиликтүү шайлоодо.
Кудайберген уулунун,
Эки колу байлоодо.
4. Таалай Сарыбашов (2021 жыл үч күн)
Губернатор, мэр болуп,
Ошто жүрүп пул күткөн.
Башына «зонтик» карматып,
Жаш кезинен «кул» күткөн.
5. Айбек Жунушалиев, (2021-2022 жж)
Буламык жеген баладай,
Бултуюп мэрде отурду.
Булгаган шымын баладай,
Кубалап түштү кокуйду.
6.Эмилбек Абдыкадыров (2022-жыл 24-февралдан баштап)
Мэрликти алып тизгиндеп,
Эмилбек келди борборго.
Айлантпаса болду Бишкекти,
Логистикалык долбоорго.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости