www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Федералдык соту "Ант сактоочулар" (Oath Keepers) радикал-оңчул уюмунун негиздөөчүсү Стюарт Родсту 18 жылга эркинен ажыратты. Ал 2021-жылдын январындагы Капитолийге кол салуу ишине байланыштуу соттолду.

Маалыматка караганда, Роудс "Козголоң жасоо үчүн кутум уюштуруу", "Расмий тергөөгө тоскоолдук жаратуу" жана "Документтерди жасалмалоого" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

"Шайлоонун жыйынтыктарын жактырбаган жана мыйзам бузулбаганына ишенбеген топтун революция кылуусуна таптакыр жол бербейбиз. Буга чейин соттолгондордун эч кимисине мындай деп айткан эмесмин. Бирок Роудс мырза, сиз биздин демократияга жана өлкө түзүлүшүнө дайыма коркунуч жараткан адамсыз деп айтам", – деди судья Амит Мехта өкүм чыгарардын алдында.

Сотто адвокат Роудсту "саясий туткун" деп атап, ал "өлкөнү талкалап жаткандарга" каршы күрөш жүргүзүп жатканын айтты.

2021-жылы январда АКШнын 45-президенти Дональд Трамптын тарапташтары Жо Байдендин шайлоодогу жеңишин бекитүүгө тоскоолдук жаратуу үчүн Капитолий имаратын басып алышкан

Последние новости