www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбековдун заманынан бери спикерлерге көңүл бурула баштады. Спикерлердин 10 пайызы же ондон бири «Кыргыз Эл Баатыры». Төрөбай Кулатов 33 жыл Жогорку Кеңешти жетектеп Сталин менен кеп-кеңеш курган адам. Жетимишинчи жылдары Рыспай Абдыкадыровду чакыртып «Эмне каалайсыз?» деп сураптыр. Рыспай жаңы аккардеон сураптыр, ошондо «кап, квартира сураса берет элем» деген экен Кулатов. Анын ордун Султан Ибраимов алат. Бирок узак турбай премьер-министрликке секирип кетип, ошол жерден атылып кетет. Жакында «Кыргыз Эл Баатырын» алган Медеткан Шеримкулов коммунисттик партия убагында идеолог катары алдыга чыккан. Эгемендүү Кыргызстандын биринчи спикери. Азыр «шефке» жакындар «Кыргыз Эл Баатырын» алып жатышат Шеримкуловдун кандай жакындыгы бар экени белгисиз. Же чын эле татыктуубу?
Спикер кезинде Медеткан Шеримкулов премьер-министр кудасына таянып Чүйдөн 500 гектар жер алганы болбосо аксакалыбыз дурус иштеп жүрдү. Аскар Акаевдин президент учурунда жакшы эле эл үчүн иштеген. Муну бары эле билет. 1993-жылдын 5-майында элдик Конституцияны кабыл алган. Ушул эле жылдын 10-майында улуттук валюта сом киргизилип КМШда алгачкылардан бутубуздан тура баштаганбыз. Арийне, Акаевге окшогондор Шеримкуловдун мындай жооштугуна бут тосушуп, Конституцияга кайра-кайра референдум жасап жатышып президенттин бийлигин күчтөп, жиберишкен. Жебеген Акаевге чучук, казы, карта берип атып чоң аймап жегичке айлантып жиберишкен. Акаев да бир сугунуп калбай, көрөр көзү Майрам Акаевага мамлекеттин туалеттинен өйдө саттырып ал миллионершага айланган. Андан туалет сатып алып оокат кылган жөөт Александр Машкевич миллиардерге айланды.
Акаев жөнүндө Шеримкулов жазган китебинен. Шеримкуловго Ак үйдөн телефон чалышып: "Президент Аскар Акаевич бир киши менен барып, премьер-министрдин жесирине көңүл айтканы жатышат. Азыр барса ыңгайлуу болобу?" - дейт. Шеримкуловдун кудасы премьер-министр Исанов кокустан көз жумат. Ошол жерге көз көрсөткөнү бир аз убакыттан кийин Акаев боз үй жанына Бирштейн менен чогуу барыптыр. Медеткан Шеримкулов китебинде кандай жазса, өзүнүн жеке көз карашы, эрки. Кыргызстандагы белгилүү инсан. Эмнени жазса да өз укугу, акысы бар. Ал эми маркумдун үйүнө барып, анын жубайына, балдар-кыздарына көңүл айтып, эң оор учурда аза кайгысын бөлүшүп коюу, бул кыргыз элинин тарыхындагы байыртадан келе жаткан салты. Акаев ошол ата-бабабыздан келе жаткан парзды гана аткарды, бирок Бирнштейнди ээрчитип алганда бир мандем бар.
Эми Шеримкулов баш болгон кээ бир адамдар бейиши болгур премьер-министрдин өлүмүн да Акаевге жабыштырып келишет. Ар кандай ушак сөздөрдү, имиштерди ойлоп таап айткандан тажашбай, элдин башын айландырышып, Акаевдин да жүрөгүн оорутуп келишет. Анын көзү өткөнүнө ушунча жыл өтүп кетсе да ушул ушак сөздөр мени көлөкөдөй ээрчип келет. Кээ бирөө Бишкекте тынч жатышпай, премьер-министрдин арбагын кайра-кайра козгошуп, маселе көтөрүшүп, Акаевден өч алабыз деп келишет.
Ал эми БОМЖ эмес, бирок аракеч экс-спикер Алтай Бөрүбаев. Жакында «Набат» деген кафеде отурсак, Алтай Бөрүбаев келди. Арактан куйдуртуп алды. Мейли иче берсин, бирок арак таза эмес экен деп чыр салды. Тиги куюп берген адам көнгөнбү, тазасынан деп башка арактан 100 грамм куюп берди. Бекер алдыбы же акчасын төлөдүбү белгисиз, анткени акчасын төлөгөндөй болгон жок. Акаевдик заманды коргоп жүргѳн иттей жакшы адам. «Бѳрү баласы ит болбойт» -дешип 2005-жылы шайлоодо Болот Шерниязов кѳтѳрүп чапкан. Иттей жакшы кѳргѳн Акаеви иттей ылдамдыка качып, иттей коргогон Бѳрүбаев, бѳркүн жамына жашынган бойдон жаамы журтка кѳрүнѳ элек. Же иттей жакшы кѳргѳн жүз граммынан чыкпай жүрѳбү? Кайсы кафеге кирбе Бөрүбаев бөтөлкөсүн салып алып арак ичип отурат. Азыркы эгемендүүлүктү алгандан берки спикерлердин ал-ахыбалы кандай?
Орозбеков Абдыкадыр (1927-37); Шамурзин Султанкул (1937-38); Салихов Мурат (1938.02-05); Толубаев Асаналы (1938-43), Токобаев Молдогазы (1943- 45); Кулатов Төрөбай (1945-78), Ибраимов Султан (1978.09-12), Дүйшеев Арстанбек (1979-81); Кошоев Темирбек Кудайбергенович (1981 -87); Акматов Таштанбек (1987-90); Масалиев Апсамат (1990-91); Шеримкулов Медеткан (1991-92); Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97); Myкамбаев Усуп (1997-2000); Матубраимов Алмамбет (1997-1998); Эркебаев Абдыганы (1998-2005); Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005); Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006); Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007); Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007); Тагаев Айтибай (2008-2009); Курманов Зайнидин (2009 -2010); Келдибеков Ахматбек (2010-2011); Жээнбеков Асылбек Шарипович (2011-2016); Турсунбеков Чыныбай (2016-2017); Жумабеков Дастан (2017-2020). Мыктыбек Абдылдаев, Канат Исаев (2020), Талант Мамытов (2020-жылдан). Талант Мамытовго БШК бутун тосуп депутатка өткөрбөгөнгө аракет кылган. Эптеп өттү. Жетинчи парламент ишин баштаганда эле туалеттте арчый турган эч нерсе жок деп сөзүн баштаган. Мадумаров тартип менен барын оңойм дегенине карабай кимдир бирөөлөр менен бир камерада камалган Талант Мамытов спикер болгон.
Азыр спикерлердин он алтысы тирүү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg