www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украин бийликтери басып алуудан келтирилген бардык зыян үчүн Орусиядан компенсация талап кылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Украинанын юстиция министри Денис Малюска «Функе» медиа тобунун басылмаларына билдирди.
Украинанын Юстиция министрлигинин башчысы БУУнун Башкы ассамблеясында расмий Киев келечекте келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эл аралык механизми негизделиши керек болгон резолюциянын кабыл алынышына жетишүүнү каалап жатканын билдирди.
«Биз Орусиянын агрессивдүү согушунан Украинага келтирилген бардык жоготуулардын ордун толтурууну каалайбыз» дейт Малюска.
Анын айтымында, учурда өлкөдөгү инфраструктуранын, турак жайлардын жана өндүрүштүк объектилердин бузулушунан келтирилген зыян 300 миллиард доллардан ашат.
Өлкө калкына келтирилген зыянды азыр эсептөө мүмкүн эмес, деди министр. Ал согушта курман болгондордун жакындары да компенсация алууга укуктуу экенин кошумчалады.
Малюсканын айтымында, Украина орус банкынын «Чоң жетилик» өлкөлөрүндөгү тоңдурулган активдерин алууну каалайт. Анын өлчөмү компенсациянын жарыяланган суммасына туура келет. Мындан тышкары Киев орусиялык мамлекеттик ишканалардын чет элдик активдерин жана орус олигархтарынын конфискацияланган мүлктөрүн да талап кылууда.
Украина буга чейин Орусиядан өз аймагына басып киргени үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылган. Июнь айында Украинанын Юстиция министрлиги адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылып, орус аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүнү жана агрессиядан жапа чеккендерге акчалай компенсация төлөп берүүнү талап кылган. Баскынчылыктын биринчи этабында согуштук зыян 80 миллиард долларга бааланган.
Июнь айынын башында Украинанын премьер-министри Денис Шмигал согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирүү үчүн 750 миллиард доллар керектелерин билдирген. Ал ошондой эле реконструкциялоону каржылоонун негизги булагы Орусия Федерациясынын активдери жана чет өлкөлөрдө конфискацияланган орусиялык ишкерлер болушу керектигин айтты.
Сентябрдын башында Шмигал Орусиянын масштабдуу чабуулунан Украина ушул убакка чейин 326 миллиард доллар жоготкондугун жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg