www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Саке салам! Кайдасың досум?
- Көлдө, Тоңдо.
- “Бархатный сезонду” майлап дечи. Ошо, үндөбөй калдың бир топтон бери. Сага суроолор бар, вотсаптан жооп бере бересиңби?
- Мейли.
- Көлдө жүрөсүң, көлдүн тазалыгы боюнча тытыштык, бир ооз ачпадың. Шампунь менен жуунса, ит түшсө, ат түшсө болобу, таштандынын кайсынысы жаман?
- Жаман-жакшы боюнча, көл эле эмес деги эле баардык маселеде такталган бир пикир жок. Бышып жетиле элек коом болгонубуз үчүн ушундай, аны айтсаң да, муну айтсаң да талаш. “Талаштан тактык жаралат”, же талашып жүрүп талаалап жок болобуз. Көл өзү толкуп, таштандыны жээкке серпип, түшкөн кир түбүнө чөгүп, тунуп тазаланып турат. Ат, ит түшкөндөн булганбайт. Самын, шампунь, пластик, полиэтилен пакет жаман.
- Ата-бабалар көлдү ыйык тутуп, сууга түшпөй, колун малып, жүзүн чайып гана коюшчу экен... Кандай карайсың?
- Чабак билбесе, суудан корксо… Көлгө ысылаганда түшөт да туурабы? Анан жайында мал менен көлдөн күндүк жолдо салкын төрдө жатса кымызга тоюп ыксырап, кайдан түшмөк эле? Кышында жакага түшсө суук, колун малат да анан… Бизде оозуна келгенди оттогондор көп. Жарымыбыздан көбүбүз чынында эле айбан чалышпыз. Ошон үчүн баш-аягыбыз жыйылбай, өнүкпөй-өспөй жатабыз да.
- Айбан демекчи, 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн үч педофил кармалды. Үрөй учурган ушундай окуялар кайра-кайра кайталанып, токтобос болду. Эл өлүм жазасын киргизүүнү, ташбараңга алууну сунуштоодо. Сен кандай дейсиң?
- Жазаны күчөтүү керек. Ташбараң болбойт, ал караңгы заманга кайтуу, ансыз да өзүбүздө караңгылык жетишип атат. Антсек андан ары дарга асуу, казыкка отургузуу дегендер чыгат. Өлүм жазасын киргизүү сунушун колдосо болот. Болбосо өмүр бою эркинен ажыратууну киргизип, мунапыска жатпагандай кылуу керек. Кандай жаза каралганын ар бир адамга жеткизүү керек, ар бир адам билиши парз, мектептердин жогорку класстарында да болуп аткан мыкаачылыктарды ар дайым баяндап, талкуулоо зарыл. Педофилдер кандай жазаланып атканын көрүшсүн, угушсун, анан жыйынтык чыгарышпаса, андайларга убал жок.
- Эгемендикке ээ болуубузга салым кошуп, демократиялык кыймылдын башында жүргөндөрдүн бири элең, эгемендик майрамына келген жоксуң го?
- “Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат” дейт эмеспи. Чакырбаса каякка?.. Эгемендикке ээлик кылгандардын балабакыра, кыз-кыркыны батпай атса… Мурда эстеп чакырып турушчу, азыр өзүң телефон чалып, «чакыруу билет бергиле» деп сурануу керек экен. Айтор, оюна келгенди жасаган, бүгүнкү күн менен жашаган, кечээгини унуткан заман келди окшойт. Ашуу ашырып, ат чаптырып, күлүктөрдү жиниктирип өлтүрүп алышканына жаман зээним кейиди. «Өргө ат чаппайт, зоругат кокуй!» дегенге жараган бирөө жокпу? Нарк билген Сүкөм (мамкатчы) деле «койгула, бовойт» деши керек эле го?
- Курултайга келесиңби?
- Курултайларга тоюп бүткөнбүз. Канча курултай өткөрдүк? Чөкөтаандын чарылдагы... Эч жыйынтык жок, пар чыгармай эле болуп келе жатабыз. «Жогорку Кеңешти эле Улуу Курултай деп атап коёлу» деп көп жолу сунуштадык. Өткөн жок. Негизи курултай монголдордун жыйыны. Кыргыздыкы топ, жыйын деп айтылат. «Көтмалдыда» Ормонду ак кийизге салганды деле топ, жыйын дешкени белгилүү. Курултай дегенге караганда, бизге татарлардын сабантуй дегени жакын. Кажылдашып эле тим болбостон күрөшөсүң, этке, аракка тоюп мушташсаң да болот. Түркпүз го акыры, монгол эмеспиз да. Эми азыр дагы, ноябрда курултай өткөргөнү жатышат. Эл менен баарлашып, отчет берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук пикирди иликтеп, өзгөртүүгө, өзүнө тартууга аракет жасаш үчүн өткөргөнү жатышкандай. Бирок эмитен эле эл жактагандар менен каршыларга бөлүнүп калгандай. Анан бийлик кантет? «Бөлүнсө бөлүнө берсин, бизди колдогондор көп болсо болду» дегенге басым жасап, кесипкөй “дүжүрлөрдү” жыйып алса кандай болот? Элди бириктирип, ынтымакка алып келчү курултай болбой эле элди экиге бөлүп-жарган курултай болуп калбайбы? Ушул жагын жакшылап ойлонбосо, баягы Бакиевдин «Ынтымак» курултайындай болуп калбайт деген кепилдик жок.
- Каршылар тууралуу. Оппозициялык көз караштагы жарандардын бийликке нааразы болуп, айтып-жазып жатканы арбып баратканы ачык байкалууда. “Октябрь айында нааразычылыктар күч алат, бийлик алмашат” деген маалымат желдей тарап жатат го? “Тополоң болот” деген прогноздорго кандай баа берет элең?
- Мугалимдер, дарыгерлер, мамкызматкерлердин маяналары көтөрүлгөнү мүмкүн болгон нааразычылыктардын дэңгээлин бир топ басаңдатты. Баалардын өсүшү калктын калың катмарынын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтүп, жакырчылыкты күчөтүп баратат. Айрыкча оруу-жыйуу маалында дизель 80 сом, кумшекер 100 сом болгону нааразычылыкты күчөтүп жибергендей. Оппозициялык маанайдагы жарандар күчөп жазып, айтып, бийликти сындап, коомчулук муюп, нааразы болгондор арбып баратат. Бирок жалпы массалык нааразычылык акцияларына үндөгөн, альтернативалуу программа сунуштаган, уюшкан оппозиция жок. Ошондуктан ар кандай чаржайыт чакырыктар, нааразычылыктар айтылууда. Азырынча баары, орустар айтмакчы, “самотек” менен баратат. Баары эле кандайдыр бир кульминациялык учурду, сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүн күтүп жатышкандай.
Россия менен АКШ башында турган «бирдиктүү батыштын» гибриддик согушунун таасири Орто Азия регионундагы республикаларга да тийери бештен белгилүү. «Эки дөө кармашса, ортодо кара чымын кырылат» дегендей, бизге союздаш болгон Россиянын биздин бийликке ичи чыкпай жатышы, “АКШнын биздин чөлкөмдөгү кийинки учурлардагы машыгуу өткөрүү аракеттери акыры тирешүүнү күчөтүп, кандайдыр бир чоң өзгөрүүлөргө алып барып, ал өзгөрүүлөр биринчи кезекте бийликке кыйынчылыктарды жаратары шексиз” деген оппозиция да ичинен дымып, мерчемдүү учурду күтүп отургандай.
Акыркы кездерде Россияда кыргыз мигранттарын кысмакка алуунун күч алышын да Москванын Бишкекке көзү түз эместиги катары баалаган оппозиция «октябрда нааразычылык күч алат, бийлик кетет» деп жоромол жасап, ошого өздөрү да ишенип отурат. Бийлик болсо «тилиңди жулам, күлүңдү көккө сапырам» дегендерди баатыр санап, ишенип алып күпүлдөп жүрөт. Керек болсо, өтө маанилүү деген маселелерде да бийлик структураларынын пикирлери кайчылаш, кээде теңирден тескери, эки ача чыгып жатышы, чалды-куйду кадр саясаты калың элди түйшөлтпөй койгон жок. “Көмүрдү эптей албаган немени «алтынды эптейт» деп алып келүү сыяктуу жүрүштөрдөн шок болгон эл түңүлө баштайт да анан» деп айылдык досум оозумду ачырды, Суке.
Булак: Азия News гезити