www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков жана анын жубайы Ырыс Окенова «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясына жарым жыл мурда кошулган, тилекке каршы мындан кийин саясаттан алыс болуп, чыгармачылык менен гана алектене тургандыгын билдиришти. Алар «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынын курамынан чыгып кетүүгө арызын беришти. Дөөлөткө «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясы мындан кийин саясат болбосо да ар дайым чыгармачылыкта колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар тармактуу салым кошууга биргеликте аракет кылып жана жалпы мекендештерди ынтымакка чакырат.

Идея деген бар, идеяны ачык уурдабай жаап жашырып уурдашат. Бул жерде идеяны ачык эле уурдай баштады. Гиннеске жазылыш үчүн манасчы Дөөлөт 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан, бирок эки жыл өтпөй башка манасчы Гиннеске жазылып калды. Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектин четиндеги “Манас” айылы этнокомплексине жетекчи болгон. “Манас» айылы президенттин иш башкармалыгынын балансында турат. Иш башкармалыгынын жетекчиси «Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн», ач көздүгү менен ааламга таанылган Каныбек Туманбаевдин кол алдында. Жер жайнаган биттей болушуп  Каныбек Туманбаевдин «туманоиддери» бул жерди ээлеп алуу максатында Дөөлөт Сыдыковду “Манас” айылы этнокомплексинен сүрүп, чет мамлекетке айдашкан. Эми анын идеясын манасчылар уурдап алышып Гиннеске киришти. Бул туура деле эмес.

Азыркы манасчылардын алпы эле Дөөлөт Сыдыков ал Гиннес үчүн «Манас» эпосун айткан.  Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковго жана Москвадагы ишкер Эмил Жайчиевге «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен кылмыш или козголгону кабарланды. Бул тууралуу маалымат абактагы активист Илгиз Шаменовдун фейсбук барагына жарыяланды. Шаменовдун айтымында, аларга иш козгоого Орозайым Нарматова, Тилекмат Күрөңовдор менен бирге Кемпир-Абад боюнча кармалгандарды коё берүү талабы менен Москвада жасаган видео кайрылуусу негиз болгон.

Шаменов кайрылууда бийликти күч менен басып алууга эч кандай чакырык айтылбаганын белгилеп, манасчыга иш козголгонуна нааразы болду: «Эми издөө жарыялаганы жатышкандарын, тергөөнүн жетекчиси Жапеков айтты, мен өзүм дагы тааныштым, иш токуп даярдап коюшуптур. Кыскасы тергөөчүнүн ою боюнча, биз бешөөбүз Москвада жатып алып, бийликти басып алмак экенбиз. Эми эмне дейбиз жарайсынар азаматтар, камала элек манасчы эле калды эле, эми аны дагы алып келип камагыла. Ошондо камабаган адамыңар калбай, баары комплект болот экен», — деди ал.

Ошондой эле Шаменов мурдагы депутат Орозайым Нарматова экөөнү күч органдары ошол эле кайрылуунун негизинде Москвадан кармап келишкенин кошумчалады. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Сыдыков менен Жайчевге иш козголгону тууралуу кабарлары жок экенин билдиришти. Бирок маалыматты тактап берүүнү убадалашты. Илгиз Шаменов менен Орозайым Нарматова өткөн жылдын 28-октябрдында кармалган. Азыркы тапта Нарматова үй камагында.

Кыргыз менен тектеш элдерде, айрыкча казак менен маданий жана адабий мурастарыбыз, бир болуп келатат: Баласагын, Кашгари, Фараби, көк бөрү, кара жорго, боз үй сыяктуу. Биз менен жармакташ келаткан казак эли бир убакта “Манас” эпосу бизге да тиешелүү деп талашкан экен. Ошондо казактын залкар жазуучусу Мухтар Ауэзов чыгып: “Баурдастар, “Манас” кыргыздыкы, “Манас” биздики деп талаша турган болсоңор, кана казак элинде бир манасчы барбы? “ –деп казактардын жаагын жап кылып, Манасты кыргыз элине ыйгарыптыр. Эгер Дөөлөткө окшогон манасчыларыбыз “Манас” айта алышпаса, анда кантип талашат элек? Башкысы Дөөлөткө окшогон манасчыларыбызга сыймыктанышыбыз керек. “Манас” эпосун ал Гиннестин рекорддор китебине кийирген жатса, Карганбек Самаков “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесине кошуп, келечек кыргыздарга даңгыр жол чаап берди.

1950-жылдардын ортосунда атактуу манасчы Саякбай Каралаев менен менин атам бир бөлмөдө курортто дарыланып калышат. Айтып калчу эле жарыктык, жаңы барганда Саякбай Каралаевди ар ким чакырып, күнү-түнү жок болуп эл кыдырып жүрдү. Аяктап калганда чакыргандар бүттүбү, томсоруп эле бөлмөдө отуруп калды. Ушундай күндөрдүн биринде, эшикке чыксам бир “Волга” токтоп, ичинен салабаттуу адам чыгып, Саякбай Каралаевди издей баштады, мен жетип барып, азыр чакырып келейин деп, ээрчитип келдим. Экөө жашып, далайга кучакташып турушту. Көрсө, ал ааламды баш ийдирген атактуу жазуучу Мухтар Ауэзов экен. Ал белгилүү манасчы Саякбай Каралаевди урматтап атайын учурашканы келиптир деп. Ошол бойдон атам шаарга барган сайын “Дзержинский бульварынанда” турган Саякбай Каралаев көзү өткүчө барып учурашып турчу экен.

Кыргыз элинде эмне деген манасчылар чыкпады Найманбай, Акылбек, Саякбай, Сагынбай ошолордун изин суутпай Дөөлөт кыргыздын намысына жарап, дүйнөгө Манастын атын даңазалалап жаткан манасчы.

2020-жылдын 12-ноябры – Бүткүл дүйнөлүк рекорддор күнү. Кыргыз дөөлөтү Манас болсо, Манастын дөөлөтү –Дөөлөт. Мына ушу күнү манасчылык өнөрдү аздектеп келген манасчы Гиннестин рекорддор китебине катталуу аракетин кылды. Иш-чара борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айткан. Дөөлөт Сыдыков “Башканы коюп Манасты айт” сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракесинде — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл орусиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.

Дөөлөт Сыдыковдун ысымы ошол күнү эл арасына чагылгандай тарады. Ал 2020-жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, 14 саат 27 мүнөт манас айтты. "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин жанына айнектен жасалган, бийиктиги беш метр боз үйдөн Дөөлөттүн айтуусундагы "Манас" жарым күн жаңырып турду. Эпосту тыным албай узак убакыт айткан бул окуя дүйнө тарыхында алгачкы ирет болду.

Манасчы мындай демилге менен элди ынтымакка, биримдикке чакыруу жана Гиннестин рекорддор китебине кирүү максатын көздөгөн. Дүйнөгө “Манас” айтуу менен кыргызды тааныткан Дөөлөттүн аты, Гиннестин рекорддор китебине алтын тамгалар менен жазылып калса кыргыз эли сыймыктанар эле. Арийне, бул жерде башка адамдардын аттары жазыла турган болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости