www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баягы эле

Баткенде Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форуму болуп, жергиликтүү аял-активисттер менен жолугушуу өттү. 

Мына ошол жактан Жогорку Кеңештин депутат айымдары Нулифар Алимжанова, Таалайбек кызы Жылдыз, Айгүл Айдарованын Баткен диалектиси менен сүйлөгөн сөздөрү Фейсбук тармагында кызуу талкууга алынды.

Өзгөчө, ар дайым жосунсуз жоруктары менен сынга кабылып келген Айгүл Айдарова бул жолу дагы коомчулуктун көңүл борборунда болуп, анын дарегине адаттагыдай эле ачуу сын-пикир арбын айтылды.

Анын "маззасы, аммасы" деген лексикону, ошол эле кезде өзүн алып жүрүүдөгү кылыгы коомчулукта терс кабыл алынды.

Көпчүлүк, "мына депутаттардын жүзү, деңгээли, шайлаганыңарга уялып жатасыңарбы, аялдар квотасы деп 500 добуш менен келсе ушул да, Баткен элин шылдың кылышты, Жогорку Кеңештин кадырын кетирип бүтүрүштү, аялдардын беделине көлөкө түшүрүп жатышат" деген өңдүү жана башка келеке кылган, мазактаган көптөгөн ачуу сөздөрдү жазышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости