www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу боюнча аскер кызматкери ооган аткезчилери менен атышуу учурунда каза болгонун комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.

Тажик аскер кызматкери чек араны кесип өткөн аткезчилердин 8 кишиден турган куралдуу топту кармоо учурунда оор жаракат алып, каза болгон.

Окуя 28-апрелге караган түнү Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусундагы «Хорог» чек ара аскер бөлүгүндөгү "Тишор" чек ара бекетинде болгон.

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Барпанж айлынын тургундары Тажикстандын аймагына өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат, курал-жарак жана ок-дарыларды алып кирүүгө аракет кылышкан, бирок аларды чек арачылар байкап калышкан.

Аткезчилер тажик чек арачыларынын багынып берүү буйругуна баш ийбей, ок чыгарышкан. Аларга каршы атылган окко туруштук бере албаган кылмышкерлер окуя болгон жерге баңгизаттарды, курал-жарактарды жана ок-дарыларды таштап, Ооганстанга качып киришкен. Аткезчилеринин 3 шериги кармалган — алардын баары Тажикстандын жарандары.

Окуя болгон жерден алар 45 кг героин, Калашников автоматы, ок-дарылар жана 10 миң доллар табылган. Учурда мамлекеттик чек араны бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости