www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акматбек Келдибеков унчукпай жүрсө да, ушул мезгилде бир топ саясатчылардын жүрөгүн “болк” эткизгенге жараган алы бар. Учурунда ал жерде жетекчи болгон Социалдык фонддо, Салык кызматында жана спикер болгону белгилүү. Социалдык фонддо Акматбек мырза жетекчи болуп турганда төрт айлап пенсия берилбей, пенсиянын ордуна ун-май, шекер, гөлөш, гезит-журнал, туз, тамеки берилип калган учур эле. Муну мурунку пенсионерлер эсинен чыгара элек. Мамлекеттик бюджетте акча жок ФОМСка пенсия берилип, эки-үч жылдап карыздар очойуп кеткен. Ошол жерде Акматбек мырза жамаат менен биргеликте  бир жыл эки айда пенсияны акчалай өз убагында берүүгө жетишти. Жоктон бар кылып пенсия тапканы үчүн аны “коррупционер” деп Убактылуу Өкмөт кордоп жиберген. Абдан кыйын кырдаалда Соцфонддун көйгөйлөрүн күнү –түнү эмгектенип, ал кыйынчылыкты чечип, жандалбастап чуркап жүргөн ким эле? Акматбек мырзага чейин Соцфондду талкалагандар каякта? Ошол мезгилде элдин пенсиясын акчалай бербей анын ордуна продукт, гезит менен бергени коррупция эмеспи? Эмне үчүн Акматбек мырзага чейин иштегендерди жоопко тартышкан жок? Пенсияны май, галош, кумшекер, ун жана башкалар менен таратып, ортосундагы проценттер менен байыгандар, пенсионерлердин укугун, керек болсо тагдырын тебелегендер “коррупционер” эмес бекен? Көп ирет Акматбек Келдибековдун бутуна операция жасалып, абакта жатканын жазылды. “Убактылуулар” бүтүндөй мамлекеттик ММКлардын калптарына сугарылгандар, жөндөн-жөн эле Келдибековду каралап келишкен. Түшүнө турган убак келди, же түшүнүш үчүн сөзсүз Акматбек мырза бийликке келиш керекпи? Ошондо гана азыр аны жамандап жаткандар аны айга-күнгө теңеп мактап калышат окшойт. Акыйкатты учурунда айтыш керек. Чыныгы коррупционерлер пенсияны өз учурунда бербегендер эмеспи. Ал эми ушул мезгилге чейин чечилбеген маселени чечип Соцфонддун ишин жолго салып койгон Акматбек мырзаны күнөөлүү дегендердин айткандары суу кечпейт. Алардын оюу боюнча, ушунча мыкты финансылык көрсөткүчкө жетишип, эң негизгиси пенсияны өз учурунда акчалай бергени үчүн абакка отургузуш керекпи? Азыркы мезгилде ошону тактаган, Акматбек мырза жасаган ар бир адамдын эсебине милдеттүү түрдө канча акча төлөндү эсептеп чыккан адамды “булгаган” деп атоо азыркы мыйзамга да жооп бербейт. Кыргызстанда ким реалдуу  иштесе, пенсияга чыккан соң өз баасын алыш керек. Пенсионерлерди Акматбек мырзага чейин маңдай тери менен такандарын уурдагандар шапар тээп көчөдө жүрүп, Акматбек мырзанын куугунтукталып жатышы уят эле!

Бүгүн да “временщиктер” айрыкча Өмүрбек Текебаев унчукпай калган жок, ал фейсбук баракчасына, Акматбек Келдибековдун аны Кадыржан Батыровго паспорт бергенге кол койгон деп сотто көрсөтмө бергенин жокко чыгарышын талап кылып билдирүү жасады. Анын жазгандарын өзгөртүүсүз беребиз: 

«АКТОО эмес, ТАКТОО.

Тибет монахы «тентек көрүнгөн менен талашат, акылдуу теңи менен талашат, ал эми даанышман  өзү менен өзү гана талашат» деген экен.  Мен эми аксакал болдум, көрүнгөн менен талаша бербей даанышман эле болоюн деген чечимге келген элем. Бирок, ар-намыс, кадыр-барк маселесинде талашпасаң да, тактап коюу зарыл экен.

2023-жылдын 6-апрель күнү «июнь окуялары» боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө, Ахматбек Келдибеков «Убактылуу Өкмөттүн кыйсы мүчөсү Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт бергени жөнүндө документтер бар. Кадыржан Батыровго дип.паспорт берүү өтүнүчүнө Убактылуу Өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол коюшкан», деп көрсөтмө бериптир. Бул чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкер беделиме доо келтирген жалган маалымат.  Келдибеков ушул сөзүн тар чөйрөдө «балп» этип айтып койгон болсо, мен көңүл бурбай деле коймок элем. Бирок, ал бул сөздөрүн соттук отурумда айтып, официалдуу айып тагып жатат. Сот күбөдөн «жалган айтсаң мыйзам алдында жооп бересиң" деп эскертип, "чындыкты гана айтам” деп убадасын айттыртып кагазга кол койдуруп алат.  
Демек, Келдибеков бул сөздөрүн терең ойлонуп, жоопкерчиликти сезип туруп айткан. Сотто күбө бирөөнү акташ үчүн же каралоо үчүн гана көрсөтмө берет. 

«Июнь окуялары» боюнча тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, Жогорку Кеңештин парламенттик иликтөөлөрү болуп өткөн. Алардын материалдары менин 2010-жылы Кадыржан Батыров менен бир да жолу жолукпаганымды, Батыровго тийешелүү бир да документке кол койбогондугумду далилдеп турат. 

Эгер, Келдибеков кокустан айтып алган болсо, анда сотко официалдуу кайрылып, сөздөрүн жокко чыгарышын сунуш кылат элем. А эгер, Келдибеков ага барбаса, тилекке каршы, сот аркылуу анын жалганын төгүндөөгө туура келет.

Төгүндөөнү талап кылган ушундай 3-4 учур бар. Алар жөнүндө да жакында билдирем». Учурдагы Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев саясатчы Ахматбек Келдибеков менен болгон түшүнбөстүктөргө чекит коюлганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз: 

"Азыр эле Ахматбек Келдибеков телефон чалды. Саламдашып, ал-акыбал сурашып туруп, "Өмүрбек ака, бир пост жазган экенсиз, элдин баары ызы-чуу болуп жатып калышты. Пост жазаардан мурун Сиз мага бир чалып, тактап алсаңыз жакшы болмок экен. Мен чын эле сотто болдум, көрсөтмө бердим. Бирок, Сиз жөнүндө тигил же бул нерсени кесе айткан жокмун. Айрым журналисттер деле ашырып жиберишет. Эгерде, мурда ортобузда өйдө-төмөн окуялар, кер-мур айтышкан учурлар болсо, ал өткөн чакта калды. Азыр менин Сиз жөнүндө оюм түз" деп айтты.

Ахматтын ука катары өзү звонок кылып, мен жөнүндө жаман айтпагандыгын түшүндүргөн сөздөрү мени ынандырды. Мага андан ашыгынын деле кереги жок эле. Инцидент ушуну менен жабылды", - деп жазды Текебаев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости