www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-апрелде Армения жана Азербайжандын чек арасында атышуу болду. Ереван менен Баку бири-бирин Лачин коридорунун аймагында аткылоо боюнча айыптап, эки тараптан жети адам набыт болгонун эки өлкөнүн аскердик ведомстволору кабарлашты.

Армениянын Коргоо министрлиги атышуу Сюник облусундагы Тех айлынын айланасында болгонун маалымдады.

«11-апрелде саат 16:00 чамасында Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Тех жамаатынын аймагында инженердик-техникалык иштерди жүргүзүп жаткан Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерине ок чыгарган. Армян тарап жооп кайтарган», — деди министрлик. Армян тараптын маалыматы боюнча аскерлеринин арасында каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын куралдуу күчтөрү Лачин районунда азери армиясынын позицияларын аткылаганын билдирди.

«Тех айылы тарабынан тынбай аткылашты. Азербайжан армиясынын бөлүктөрү адекваттуу жооп кайтарды. Азербайжан тарапта өлгөндөр жана жарадар болгондор бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости