www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлиги быйылкы жылдын март айында мамлекеттик органдардын расмий иш сапарларына кеткен чыгымдарынын жалпы суммасы 82 миллион 858,5 миң сомду түзгөнүн жар салды. 

Командировкага бир айда эң көп каражатты министр Алтынбек Максүтов башкарган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сарптаган. Тактап айтканда, 29 миллион 818,3 миң сом короткон. Кыйраткан иши жок Максүтов саякаттап эле жүргөн окшойт... 

Экинчи орунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – 7 миллион 514,2 миң сом, үчүнчү орунда президенттик аппарат – 5 миллион 826,9 миң сом жумшаган. Негедир президенттин аппаратыныкы аз. Күмөн жаратат. 

Булардан тышкары, Билим берүү министрлиги 4,56 млн;
Тышкы иштер министрлиги 3,9 млн;
Айыл чарба министрлиги 3,87 млн;
Президенттин иш башкармалыгы 3,56 млн;
Борбордук шайлоо комиссиясы 3,39 млн;
Экономики жана коммерция министрлиги 2,03 млн;
Эсеп палатасы 1,94 млн;
Финансы министрлиги 1,72 млн;
Жогорку сот 1,54 млн;
Бажы кызматы 1,46 млн;
Жогорку Кеңеш 1,34 млн;
Социалдык эмгек министрлиги 1,3 млн;
Жаратылыш ресурстар жана экология министрлиги 942,44 миң сом сарпташкан. 

Булар бир айда эң азы бир миллион сом, эң көбү 30 миллион сомго чейин коротушкандар. Ал эми Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Энергетика, Транспорт министрлигтери, Башкы прокуратура сыяктуу дагы бир топ мамлекеттик органдар 1 миллион сомдон төмөн акча жумшаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости