www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКны жетектеген Ташиевди алсак, анын орду азыркы саясатта салмактуу. Кээ бирөө сыйласа, кээ бирөө ачык эле коркот. Соңку убакта депутат Тазабек Икрамов бийликти сындап, өзгөчө жердеши Камчыбек Ташиевдин короосуна таш ыргытып, өз алдынча жигердүү саясатчыдай көрүнүүдө. УКМКнын пиар тобу менен соцтармактан кагышып, бир сыйра маалыматтык айдында күн сынашууга да үлгүрдү.1991-жылдан бери өзбек тараптан суунун акысын ала элекпиз. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Суу биздин байлыгыбыз. Биз бүгүнкү күндө Өзбекстандан газды бекер алып жатабызбы же сатып алып жатабызбы деп депутат Икрамов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо салган. Буга Ташиев газды алган жокпуз, алсак сатып алып жатабыз деп жооп берди.
Икрамов Союз тарагандан бери өзбек тараптан суунун акысын ала элекпиз. Биз силерге суу беребиз, сиздер бизге газды бекер бергиле деп сүйлөшсө болот беле, деген да суроону салган. Бул маселе бүгүнкү шарт деп жооп берди деп жооп берген Камчыбек Ташиев: "Сиз дагы, мен дагы, залда отургандардын көпчүлүгү туула элек маалда 1965-жылы түзүлүп калган. Каалайбызбы, каалабайбызбы бүгүнкү күндө Кемпир-Абадга топтолуп жаткан сууну 70 жылдан бери пайдаланып келе жатат, азыр дагы пайддаланып жатат, мындан ары да пайдаланганга толук шарттар түзүлгөн. Бул шарттарды сиз менен биз түзгөн эмеспиз. Биз азыр ошол түзүлүп калган шарттарды, кайрадан жаңыртып, кайсы бир деңгээлде пайдасын алып калалы деп аракет кылып жатабыз. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселесине чекит коёлу деп жатабыз. Азыр биз сууну саталы деп чыккан күндө деле сата албайбыз. Себеби шарт ушундай болуп калды. Кемпир-Абадга биздин суу топтолот жана аны Өзбекстан колдонот. Азырынча сууну сатуу боюнча сөз болгон жок", - деп билдирген Ташиев.
Депутат табиятынан элдин ой-пикирин айтышы керек. Сөз эркиндигинен эч кандай чектелбейт. Бирок, Икрамов түздөн-түз Ташиев менен таасир талашкандай, ага кыр көрсөткөндөй түр жарата баштаганын байкоого болот. Тар чөйрөдө деле эрдемсий сүйлөп, «эр жүрөктүүлүгүн» көрсөтүп жатыптыр. Эми Камчыкеден кандай жооп болорун күтө туралы. Эски былыктары тергелип, камалып кетпейби? Же камчысын мойнуна илип, кечирим сурап кутулабы? Көрө жаталы.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg