www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек – Ош жолундагы кырсык алты адамдын өмүрүн алды. Reporter.kg′ге Жалал-Абад облустук ЖККБ бөлүмүнөн билдиришкендей, жол кырсык Ош—Бишкек унаа жолунун 374-чакырымында, тактап айтканда Кара-Көл шаарынын аймагында 19-ноябрда саат 10:00 чамасында катталган.

Кадамжай районунун 1969-жылы туулган тургуну А.Ж башкарып бара жаткан  “Форд Транзит” унаасы Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну Н.А, башкарып бара жаткан жүк ташуучу унаа кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен “Форд Транзит” унаасындагы 6 адам каза болгон:

— 1972-жылы туулган Г.Г.

—  1994-жылы туулган М.уулу Р.

—  1967-жылы туулган Ш.С.

— 1972-жылы туулган И.Ш.

— 1969-жылы туулган А.Ж. (айдоочу)

— Дагы бир аялдын өздүгү аныкталууда.

Ушул эле унаада бара жаткан 2003-жылы туулган С.М, 1993-жылы туулган М.уулу А., 1995-жылы туулган Н.А. Фергана өрөөнүнүн тургундары болушкан. Алар ооруканага жеткирилген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости