www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн эксгубернатору Тентишев тентип жүрөт, ал койкойтуп депутат кылып койгон “торпок” уулу“торпоктор” Эрулан Көкүлов, Балбак Түлөбаев менен катар. Жогорку Кеңеште Бакыт Тентишев деген депутат атасы Чүй облусун мыкчып, губернатор болуп турганда, анын көлөкөсүндө жүрүп Жогорку Кеңешке болгон. Партиялык тизмеде «Ынтымак» саясий партиясынан атасынын күчү менен №3 тизмеде туруп жеңип келген. Шайлоо учурунда анын жаш экенине карабай ики-чикиси айтылып, атасы губернатор Тентишев тууралуу чоң чуу жаралган. Бирок эмнегедир БШК анын төрайымы Шайлдабекова баш болуп Бакыт Тентишевди бийлик сүрөөнгө алгандыктан тиешелүү чара көрбөй, укуктук жактан көз жазгырган мышык-чычкан оюну менен ишти будамайлаган. 

Мына ушул депутат шайлангандан бери үн чыгарып маселе көтөргөн учуру боло элек. “Торпоктой” болуп үн катпай отурат. Дээрлик эки жыл болду, бары-жогу билинбей жүрдү эле, жакында каникулдан келген соң, депутаттарга ийилип учурашып, кучактап өпкүлөп, чаңын күбүп жиберип жаткан жоругу аркылуу бир заматта дүң болду. 

Атасы экс-губернатор Тентишевди тартып дээринен кошомат кылып, кулдук урганга жөндөмдүү экен. Айталы, Бишкектин экс-мэри Балбак Түлөбаевге кол куушура жүгүнүп жатса, дагы бир эл өкүлү «Ынтымакты» баштап келген Марлен Маматалиевдин эки ийниндеги чаңды күбүп жүрөт. Мынчалык кулдук ургудай жанына эмне күч келет десең. Депутаттарга эле ушундай көлдөлөң болуп төшөлүп жатса, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди көргөндө, эмне кылып жиберет болду экен? Айтканга ооз барбайт...

«Ынтымак» партиясы Бишкек кеңешин алган соң катуу кадамдап бараткан. 2020-жылы жарык көргөн партиянын 11 шаарда өкүлчүлүгү бар экен. «Ынтымакты» баштап келген Марлен Маматалиев эмнегедир Тентишев Бакытты №3 кылып кошуп алган. Дагы бир мүчөсү Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов БШКдан өтө албай такалып араң өткөн. Депутаттардын тизмеси мындай: Бакыт Тентишев, Гульнара Ташибекова, Нурболот Мирзахмедов, Жаркынбек Касымбеков, Балбак Түлөбаев, Эрулан Көкүлов, Лейла Лурова, Чынгыз Макешов, Марина Исаева, Канат Мидин уулу жана башкалар бар.

Экс инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов министрлигин таштап депутаттыкка аттанган, бирок кайра бийликке келди. Инвестиция министри катары Ысык-Көлдө «Асман» шаарын салам деп жулунуп жаткан Алманбет мырза «Манастан Чубак кем бекен» деген лакапты «Манастан Алмамбет кем бекен?» деп буруп, бийликтеги экинин бирине айланып бараткан. Анткени, ал Батыштын идеологиясы менен Кыргызстанды дайыма кым-куут кылып келаткан Өмүрбек Чиркешович менен тил табыша албай, партиясынан да чыгып министрликти орунду алган. Министрден бошоп парламенттик шайлоого аттанганынын себеби, парламенттик шайлоодо жеңиш менен келип жакшы орунду көздөп ошол жакка учуп кеткен.

«Ынтымак» партиясында мурунку министр азыр да бийликтин бир бучкагын чоюп жүргөн Алмамбет Шыкмаматов бар. Шайлоочулар ага суроо беришчү: «Кайсы окуу жайын бүттүңүз эле?», «БГУ-ууу» -дейт Алмамбет Шыкмаматов, «Эч нерсе түшүнбөйт го «Алма-матерди» сурап жатабыз?», «БГУ-ууу» -дейт Алмамбет Шыкмаматов, «Жооп бербейсизби?» дешет , «БГУ-ууу»-дейт Алмамбет Шыкмаматов. БГУ –Бишкек гуманитардык университети экенин билбегендер: «Накта торпокторду депутат кылган атат окшойбу» дептир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости