www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө 21 жаштагы Зульфия Фаизова изделүүдө

Чүйдүн Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Зульфия Фаизова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын апрель айында Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Ваккера көчөсүндө жайгашкан №56 үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-172 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, тармал, көзү кара.

Кийген кийими: башында ак түстөгү жоолук, кичинекей гүлдөрү бар күрөң көйнөк жана жашыл жайкы бут кийим.

Бул факты Ысык-Ата РИИБине катталып, дайынсыз жоголгон жарандын жашаган жерин аныктоо максатында тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Зульфия Фаизованын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар: 0 312 - 616 - 907, 0 313 - 252 - 147 (нөөмөт бөлүмү), 0 709 - 502 - 955, 0 505 - 768 - 876 номерлерине кайрылсаңыздар болот. 

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости