www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда интимдик мүнөздөгү сүрөттөр менен шантаж кылып, опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрда милицияга арыз менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Ал арызында акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Шектүү жаран “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Буга чейин ал 2021-жылдан бери шантаж жолу менен арыздануучудан 200 миң сом алган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
19-сентябрда Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын накталай алып кетип бара жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган М.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg