www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Депутаттар элден өзгөчөбү?

Парламент депутаты десе эле көктөгү адам катары эсептебеши керек. Парламент депутаты да жүк, эл үчүн кызмат кылган оор жүк. Мунун эл депутаты Көкүлов кандайча чечип жатат? Депутаттарды эмне үчүн шайлайбыз? Албетте, эл үчүн кызмат көрсөтсүн деп. Жогорку Кеңеште токсон депутат бар, кээ бирөө кан ыйласа да эл үчүн бирдеме деп өз ойлорун айтып жатат. Рахмат, ушундай оор кырдаалдарга карабай депутаттардын ар кандай маселе көтөрүп жатканы туура. Кыргыздын башына оор кырдаал нечен келген, нечен кетти. Ошого карабай айлык эки эсеге көбөйүп, баанын кымбаттаганын тоготпогон депутаттар бар экени белгилүү. Депутаттардын айлыгы көбөйсө депутат эместерге эмне шам, бирок иштеп аткан депутаттар толтура, иштебей эле өз көлөкөсүн көрсөтүп чамгарактап жүргөн Көкүлов сыяктуу депутаттар да толтура.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкулов "Промзона" түнкү клубунун кире беришинде баш кийимин жана күрмөсүн чечкиси келбей, милиция чакырган. Ал муну администрация тарабынан конституциялык укугун бузуу катары баалаган. Көкулов аталган жайдын администрациянын сырт кийимин чечүү өтүнүчү анын укугун бузгандык деп түшүндүрүп, милицияга кайрылганын тастыктады. Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму татыктуубу деген суроого Көкулов депутат катары эмес, жаран катары милицияга кайрылганын айтты. Ал эми администрация өз кезегинде бул клубдун эрежесин бузуу деп түшүндүргөн.

Жакында эле депутат Эрулан Көкүлов менен "Кадастрдагы" "ВИП-Секьюрити" детективдик жана күзөт агенттигинин кызматкери Дубанбек Сүйүналиевдин ортосунда чыр чыккан. Элге белгилүү коомдук активист, сазда тыгылып жаткан Көкүловдун баткагын тазалап, парламентке депутат кылгандардын бири Гүлзат Мамытбек: «Негатив жараткан Эрулан элге өлүм алып келет» деп үшкүрүп отурат. Ал Жогорку Кеңеште аял кишиге теңелип ыйык трибунадан элдин маселесин көтөрбөй, жалжаңдап, жок дегенде кызматтык этиканы сактабай курулай пиардын арты менен дөдөй электоратына таянып депутат болгон Эрулан Кокулов боюнча төмөндөгүчө жооп берди: «Эрулан иниме боорум ооруйт. Ал адамдын жаман жерин издеп, негатив жаратып жүрүп бир жамандыкка кабылып калбаса экен деп тилейм. Себеби дегенде, позитив тартуулаган адам — адамдарга жашоо тартуулайт, ал эми негатив жараткан адам — элге кайгы менен кошо өлүм алып келет. Бул илим менен тастыкталган. Мен 24 жашымда бизнес баштаганда Эрулан инимдин мурдунан маңкасы агып жүргөн. Ал бизнестин көйгөйүн, анын тургузулган жана сакталышы жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок», - деп билдирди.

Жакында Жогорку Кеңештин Бюджет жана экономика комитетинин отурумунда Эльвира Сурабалдиева "Не сахар" аталышындагы берүүнү алып барган, өздөрүн журналист санашкандар ишкерлерди текшергенге укугу барбы деген маселени көтөргөн. Анын кожоюну Эрулан Көкүлов экенин да айткан. Мындай кыйыта айткандын да себептери бар «Не сахар» деп койсо эле булар бардык нерсени текшерүүгө болот дешип тойтолоңдоп өздөрүн президенттен кийинки адамдай сезишип бардык нерселерди текшерүүгө өтүштү.

Алсак Көкүловдун "Не сахар" берүүсүнүн балдары Сурабалдиевага тиешелүү машинанын тетиктерин саткан "Кудайберген"  базарына жетип барышып, бул базарды текшерүүгө алышты. Мындай жорукту көргөндөр, депутат айым баш болуп "эмне тетиктердин мөөнөтү өтүп, эскирип кеткенин текшеришкени барышыптырбы" деп алардын бөрк ал десе, баш алат" болгон кылыктарына таң калышты. Чындыгында, акылга сыйгыс иш эмеспи. Андан да Салык кызматынын ролун аткарып ККМ текшеребиз дешкени кызык. Өзүнчө эле анекдот, болуп бараткандай деги аларга бардык жерди текшерүүгө ким укук берди. Парламент депутаты Көкүловбу? 

Эрулан Көкүлов бир жарым жылдан бери депутат болуп отурат, эмнеге элдин ден соолугун, саламаттыгын ойлосо тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзам жазып киргизе элек. Эмнеге ашкана иштеткен коомдук жайлардын тазалыгына көңүл бурулбай жатканы боюнча Санэпидемстанциянын ишмердүүлүгү тууралуу бир да жолу маселе көтөргөн жок. Демек, андай кызыкчылыгы жок. Депутат Эльвира Сурабалдиева дал ушул жагдайды ташка тамга баскандай таасын түшүндүрүп айтты. Эми Көкүлов эсине келээр. Конституцияда жеке менчик кол тийгис. Аны ар ким эле текшерип, чокчоңдой бергенге укугу жок. Ушуну депутат Көкүлов түшүнбөй жатканы кызык. Түшүнсө да эл өкүлү, кесиптеши Эльвира Сурабалдиева "Арча медиага" кыйытып айткандай "заказ"  жыттанган иштерге кынык алып алган. Болбосо, мыйзамдуу жолдор менен элге кызмат кылуунун үлгүсүн көргөзмөк. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

 

 

 

Последние новости